Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери бүгүн башталуучу жыйынында ар кыл маселелерди талкуулашат


Брюсселде башталуучу эки күндүк жыйында, Ирактагы кырдаал, Европа Биримдигинин Израилге карата саясаты, Жакынкы Чыгыш жана Ирандын өзөктүк курал програмасына байланышкан маселелерге көңүл бурулаары күтүлүүдө. Жыйындын шейшемби күнкү отурумуна АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл да катышып, уюмга мүчө 15 жана ага келээрки жылы кирүүчү 10 өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушат. Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом европалык кесиптештери менен сүйлөшүү учурунда Европада антисемитизмдин күчөшүнө карата өз өлкөсүнүн тынчыздануусун билдирээри күтүлүүдө. Жакындагы сурамжылоолор көрсөткөндөй, Европанын калкынын жарымынан көбү Израилди дүйнөдөгү коопсуздукка эң көп коркунуч туудурган өлкө деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG