Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

БАТКЕН ОБЛУСУНДА МАЛГА ШАРП ЖУГУП ЫЛАҢДАП АТАТ


Шайырбек Эркин уулу, Баткен Соңку күндөрү Баткен облусундагы мал шарп тийип ылаңдаган учурлар көбөйдү. Буга байланыштуу азыр облустун ушундай илдет чыккан аймактарында карантин жарыяланып, анын жайылып кетишин алдын-алуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Адистер бул ылаң Тажикстандын кошуна аймактарынан жукканын болжолдошууда.

Облус аймагында шарп жугузган бодо мал адегенде өткөн айдын соңунда Баткен шаарында катталып, андан көп узабай эле анын тургундарына таандык дагы 14 баш бодо малга ушундай ылаң тийгени аныкталган. Буга удаа эле Лейлек районунун айрым айылдарындагы малдан да шарптын белгилери байкалып, Акбулак, Андарак, Агарык, Бешкент жана Кулунду айылдарында жалпысынан 13 баш бодо мал ылаңдаганы далилденген. Бул райондо ылаң андан ары тез эле жайылып, бүгүнкү күндө шарп жуккан малдын башы 58ге жетти. Ал эми жалпы облус боюнча азыркы кезге чейин 53 баш бодо малга ушундай ылаң тийген. Буга байланыштуу Баткен жана Лейлек райондорунда карантин жарыяланып, мал базарлар жабылды. Мал айдап чыгууга жана айдап кирүүгө тыюу салынып, облус боюнча 10 ветеринардык карантин бекеттери коюлуп, иш жүргүзүп атышат. Адистер бул илдет Тажикстандын коңшулаш аймактарынан жукканын болжолдошууда. Бул жөнүндө облустук ветеринария башкармалыгынын башкы эпизоотологу Абдурашит Калмурзаев мындай дейт:

- Бул оорунун чыгышына биринчи себеп - биздин Тажикстан менен так чегарабыздын жоктугу. Себеби, жайытыбыз, базарларыбыз бир. Ошондуктан бул жерде малды бир-биринен ажыратып алыш биз үчүн өтө кыйын. Биздеги расмий эмес маалыматтар боюнча, Тажикстанда ылаң жүрүп аткан экен. Ошондон ылаң жугузган мал ушул Баткен шаарында катталды. Өз учурунда илдеттин алдын алуу боюнча иштерди уюштуруп, вакциналарды алып келдик. Биздеги айрым болжолдуу маалыматтар боюнча, Тажикстандагылар муну өздөрү каттап, бизге билдиришкен эмес. Бирок бизде мындан мурун Тажикстанда мал ылаңдаганын көргөн кишилер бар. Ошолор менен сүйлөштүк. Шарп жуккан мал Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүндөгү 3 айылда, Акбулак, Бешкент айылында, кыскасы Тажикстан менен чектеш жерлерде катталды.

Шарпка чалдыккан малдын шилекейи агып, оозунда майда жаралар пайда болот да, эч нерсе жей албай калат. Мындан тышкары туягын да жара басып, басышы кыйындайт. Шар өтө бат жугат. Эгер алдын-алуу чаралары көрүлбөсө, ылаң элди мал-жанынан ажыратып, бир топ экономикалык чыгымдарга кириптер кылышы мүмкүн. Ал эми Баткен облусундагы ветеринарлар ушу тапта шарп боюнча кырдаал толук көзөмөлгө алынып, анын жайылып кетүү коркунучу четтетилгенин белгилешүүдө. Бул тууралуу Абдурашит Камурзаев бизге мындай деди:

- Шарптын жайылып кетүү коркунучу бизде жок. Себеби, Баткен облусунун, жалпы эле түштүк тараптын климаттык шарты анын көбөйүп кетпешине шарт түзөт. Экинчиден, биздин уюштурулган карантиндик иш-чараларыбыз өз жолуна коюлган. Бекеттер уюштурулуп, малдын кыймылы катуу көзөмөлдө. Бул жерде негизги милдет - малдын кыймылын токтотуу. Ошондуктан коркунуч азыркы күндө жок.

XS
SM
MD
LG