Сергей Иванов ошондой эле энергетика ишканаларына бул тармакка жетиштүү инвестиция салбай жатат деген доомат койду. Иванов «Юкос» мунай компаниясынын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковскийдин камалышын колдогон эле. Айрым байкоочулар Ходорковский саясий куугунтукка кабылды деп эсептешет.