Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

ИТАЛИЯ ИРАКТА КУРМАН БОЛГОН УУЛДАРЫН АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТТЫ


Шейшемби – Италия үчүн аза күтүү күнү болду. Өлкө 12-ноябрда Ирактын түштүгүндөгү Насирия шаарындагы бомба чабуулунан курман болгон 19 уулун келбес сапарга узатты. Бул италиялык аскерий күчтөрдүн Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки чет жерлердеги эң чоң жоготуусу. Насириядагы террордук чабуулдан италиялыктардан башка дагы 14 адам набыт болуп, 80ден көп адам жараат алган.

Шейшемби, 18-ноябрда Италия аза күттү. Өткөн шаршемби күнү Ирактын түштүгүндөгү Насирия шаарындагы италиялык карабинер-жандармдар жашаган барак үйлөргө жасалган бомба чабуулунан коалициялык күчтөрдүн курамындагы италиялык 19 жарандын өмүрү кыйылган эле.

Италия бийликтеринин айтымында, бул чет өлкөдө кызмат өткөн италиялык аскерий күчтөрдүн Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң чоң жоготуусу болду. Чабуулдан италиялыктардан башка дагы 14 адам өлүп, 80ден көп адам жарадар болгон.

Ирактагы АКШлык аскерлер башындагы көп улуттуу күчтөрдүн катарына Италия 2700 аскерин жөнөткөн.

Иракта курман болгон аскерлерди акыркы сапарга узатуу зыяпаты Римде дүйшөмбү күнү башталып, өлкөнүн ар кайсы бөлүгүнөн келген миңдеген адамдар өлгөн аскерлердин Римдин Венеция аянтына коюлган табыттарын көрүшүп, гүл чамбарларды коюшту.

Италиянын президенти Карло Азелио Чиампи да уулун жоготкон кишини кучактап, аны менен чогуу аскерлерди эскерип гүлчамбар койгондо, миңдеген карапайым италиялыктар жашып кетишти деп билдирет Ассошиейтед пресс агенттиги.

Петро Бернардини деген 76 жаштагы карыя: “Мен адал иш үчүн жанын берген бул жигиттерге таазим кылганы келдим. Алар зобунда мерт болбой, узак өмүр сүрүшү керек эле”, - дейт.

Италиянын окуу жайлары шейшембини бир мүнөттүк аза күтүү менен башташты. Жумушчулардын кесиптик союздары жумушту 10 мүнөткө токтотуп, маркумдарды эскерүүгө чакырды. Мамлекеттик “Рей” телеканалы коммерциялык берүүлөрүн токтотсо, кинотеатрлар экранды кино башталганча кара көшөгө менен жаап турушту. Байыркы Колизейде түнкүсүн адаттагыдай прожектерлор күйгүзүлбөйт жана өлкө боюнча мамлекеттик желектер ылдый түшүрүлдү.

Иракта өлгөн атуулдардын тажиясы Римдин Ыйык Павел чиркөөсүнүн сыртында өттү. Ыйык Павел чиркөөсү Ыйык Петр чиркөөсүнөн кийинки экинчи чоң ибадаткана.

Мамлекеттик деңгээлде өткөн узатуу зыяпаты, “International Herald Tribune” гезитинин байкашынча, италиялык күчтөрдү чакырып алуу жөнүндөгү маанайды аз убакка болсо да унуткартат.

Айрым саясый талдоочулар Насириядагы жоготуу жана курман болгондорду мамлекеттик деңгээлде жайга берүү - сезимтал италиялыктардын патриоттук сезимин ойготуп, алардын өкмөткө болгон ишенимин арттырды дешет.
71 жаштагы Жиованни Сансанын сөзүнө караганда, “Тажия -саясаттан да, оң же сол деп бөлүнгөндөн да маанилүү иш. Аза күтүү италиялыктардын чыныгы патриоттугун көрсөттү”.

Февраль айында премьер-министр Силвио Берлусконинин өкмөтү Иракка аскер жөнөтмөк болгондо, Римде ага каршы миллион чукул адам катышкан демонстрация өткөн эле.

Байкоочулар Ирактан аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырган оппозиция арасында биримдик кетип, алар азыр өз ара ынтымакта экенин көрсөтүүгө далалат кылышууда дешет.

Италияда жер-жерге бөлүнүү күчтүү болгону менен, 12-ноябрдагы жоготуу жалпы улутту бириктирди. “Нью - Йорк Таймс” гезити жазгандай, өткөн жумадан бери уруш майданында курман болгон аскерлерди эскерип, көптөгөн үйлөрдүн терезелеринде улуттук желектер желбирөөдө. Италиялыктар алардын мекендештери Иракта жалпы улуттук иш үчүн шейид кетишкенин кийинки күндөрү чоң сыймык менен кеп салышууда.

XS
SM
MD
LG