Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Жорж Буш: АКШ Ирактан кетпейт


Кечээ кечинде америкалык аял лидерлер менен жолугушуу маалында президент Жорж Буш келээрки жылдын июнь айында Ирактын утурумдук өкмөтү бийликти өткөрүп алгандан кийин да АКШ ал жактан кетпейт деп белгиледи. "Бүгүнкү жолугушууда мен биз Ирактан кетпейбиз деп ишендирдим. Ирактын азыркы жана болочок лидерлери өкмөткө келип, тынч жашоого бет алмайынча биз террорчулар каалагандай ал жактан капыстан чыгып кетпейбиз", - деди АКШ президенти. Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан коопсуздук маселелеринен улам, БУУнун кызматкерлери Иракка азырынча кайтып бара алышпайт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG