Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

МААЛЫМАТ ЭРКИНДИГИНИН МАЙРАМЫ, БЮДЖЕТ ЭСЕБИ, МУГАЛИМДИН СЫРЫ


Кыргызстандын Эсептөө палатасы 2002-жылдын бюджети кандай аткарылганын текшерип чыкты. Артыкбаш чыгымдоолордун, мыйзам бузуулардын толгон-токой мисалдары бул ирет да айкындалды. Бир жумадан бери Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап, ундун баасы көтөрүлүүдө. Орусиядан бензин ташып келүү кымбатка турат. Коңшу Казакстан бензиндин сыртка сатылышын чектеп койгон. Өткөн аптада Бишкекте эл аралык басма үйү ачылды. Кыргыз парламенти мамлекеттик тил мыйзамын талкуулай баштады.

Былтыркы бюджеттин аткарылышы деле бир топ мыйзам бузуулар менен коштолгондугун шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезитинде республиканын Эсептөө палатасынын төрагасы Азамат Кангелдиев ачыкка чыгарды. Эсептөө палатасы миңден ашуун бюджеттик мекемелерди, 300дөн ашуун чарбалык субъектилерди текшерип, 2,5 млрд. сомго жакын акча мыйзам бузуу менен кириштелгенин аныктап чыккан. 150гө жакын кызмат адамына административдик айып салынып, 216 иш укук коргоо органдарына берилген. 2002-жылы өкмөттүн уруксаты менен салык жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулган товарлар көбөйүп кеткен. Жалпысынан ал 2,5 миллиардга жакын сомду түзөт. Алынган кредитти кайтарып бере албаган «Жибек жолу» акционердик коомунун 23,4 млн. доллар карызын Кыргызстандын Улуттук банкы төлөп берүүгө мажбур болду. «Мынча каражатты «Жибек жолу» акционердик коому кайтараары күмөн», - дейт Азамат Кангелдиев.

«Агым» гезитинин жаңы санында парламент депутаты Курманбек Бакиевдин «Акаев менен жакшымын... Президенттик күрөшкө чыгам» деген маеги жарыяланды. «Кыргызстандын учурдагы экономикалык абалын «кризис» деп айтуу кыйын. «Үч-төрт жылдан бери макроэкономикалык стабилдүүлүк сакталып келатат» деп атабыз. Бирок бул өтө эле мактана турган нерсе эмес, - дейт К.Бакиев. - Макроэкономикалык стабилдүүлүк бир жыл болот, эки жыл болот, акыры бир жерде тура бербей өнүгүп-өсүш керек да».

Бензин баасынын кескин көтөрүлүп кетишин «Агымда» Кыргызстан мунай трейдерлер ассоциациясынын президенти Олег Забара Казакстандын Чымкент заводу келишимди аткарбай койгондугу менен түшүндүргөн. О. Забаранын айтымында, Чымкент заводу октябрдын аягында 17 миң тонна бензин акчасын алып, бирок бензин бербей койгон. Завод Кыргызстандын күйүүчү майга керектөөсүнүн 70% камсыз кылат.

Кыргыз тилинин көйгөйүнө шейшембидеги «Аалам» гезитинде Ысмайыл Кадыров кайрылды. «1926-жылы болгону 600 миң, 1959-жылы 1 миллионго жетпеген кыргыз болуп турганда жоголбогон, азыркы кезде кыргыздын саны 3 миллионго жетип турганда кыргыз тили өлбөс», - деп жазат макала автору.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлер кеңешинин 19-20-ноябрда Бишкекте өтчү отуруму тууралуу шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун маеги жарыяланды. Министрдин айтымында, Жамааттык Коопсуздук Келишими Кыргызстандын бейпилдигин камсыз кылууга шарт түзөт.

«Төрт жыл мектепте мугалим болуп иштедим, - дейт Абдыбек Бактыбеков «Эркин тоо» гезитинде жарыяланган маегинде. - Андан соң Союз кыйрап, башаламандык башталды. Чынын айтсам, мугалимдин эмгегин эч ким баалабай калды. Кадыры кетти. Жарыбаган айлык ала баштадык. Айлык акыбыз жол киребизден ашпайт. Үй-бүлөнү багыш керек да. Мугалимдик кесибимден майнап чыкпаган соң «бекер убара болуп мээмди коротпоюн» деп мектепти таштадым... Менин түшүнүгүмдө мугалим окуучулардын алдында кийим-кечеси тың, маанайы жарык, курсагы ток болуш керек».

Шейшембидеги «МСН» гезити Рина Приживойттун «Эркин маалымат майрамы. Аскар Акаев президенттик шайлоого барбашына Америка ишенет» деген макаласын жарыя кылды. Автордун маалыматы боюнча, АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Элизабет Жоунс А.Акаевдин 2005-жылкы президенттик шайлоого катышпастыгын туура кадам деп эсептеген.

«Улуттук статистика комитетинин ай сайын чыгарылчу отчетторунда Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү өтө деле төмөн эмес», - деп белгилейт Вячеслав Тимирбаев «Эсеп азырынча биздин пайдабызга эмес» деген макаласында. Статистика адистери Кыргызстандагы азык-түлүк баасын Москванын көрсөткүчтөрү менен салыштырууну жакшы көрүшөт. Москва болсо дүйнөдөгү эң кымбат шаар.

Казак-кыргыз чегин бойлой аккан Чүй дарыясы нугунан чыгып, суу жээгиндеги кыйла жерлерди жайпап кеткен. Канттагы цемент-шифер комбинаты өз күчү менен жээкти бекемдөө иштерин жүргүзгөн. Бирок ал эмдигиче Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тиешелүү акчасын алалбай келатканын шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады.
XS
SM
MD
LG