Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:36

Ош шаарына жаңы мэр шайланды


ОШ. Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында шаардын жаңы мэри шайланды. Бул кызматка президент буга чейин экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри болуп иштеген Сатыбалды Чырмашев менен Чүй облусунун губернаторунун орун басары болуп иштеген Темирбек Сокеевдин талапкерлигин сунуш кылды. Бул туурасында премьер-министр Николай Танаев жарыя кылып, талапкерлердин ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Бирок Темирбек Сокеев өз талапкерлигин алып таштагандыктан, бюллетенде Сатыбалды Чырмашевдин гана фамилиясы калды. Депутаттардын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча ал 30 добуштун ичинен 25 добушка ээ болуп, Ош шаарынын мэри болуп шайланды.

XS
SM
MD
LG