Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

ЖККУнун ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ КАНТ АВИАБАЗАСЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ


20-ноябрда Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери уюмдун алкагында 23-октябрда ачылган Канттагы орус авиабазасы менен таанышышты. Орусиянын Тышкы иштер министри Игорь Ивановдун айтымында, Кант авиабазасы уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздугун коргоочу баалуу аскердик обьектке айланды. Ал эми уюмдун баш катчысы Николай Бордюжа Канттын жетекчилигине уюмдун туусун тапшырды.

Орусия президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин катышуусунда быйыл 23-октябрда ачылган Канттагы орус авиабазасы дал ушул Жамаатык Коопсуздук Келишими Уюмунун алкагында ишке киришкен. Андыктан ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Кант авиабазасы менен таанышпай кетиши мүмкүн эмес эле. Кантка Орусиянын Тышкы иштер министри Игорь Иванов, Армениянын Тышкы иштер министри Вардан Осканян, Белорустун Тышкы иштер министринин орун басары Александр Сычёв, ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа жана Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов баштаган адамдар барышты. Алар Канттагы орус аскерлеринин жашоо-турмушу менен жана аба майдандын абалы, учактар менен таанышышты.

Андан кийин Орусиянын Тышкы иштер министри Игорь Иванов журналисттерге Кант авиабазасынын мааниси тууралуу буларды айтты:

- Биз бүгүн база толук кандуу аскердик обьектке айланганын жана ал Жаматтык Коопсуздук Келишими Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары, базанын жетекчилиги алдыга койгон максаттарды аткарууга жөндөмдүү болгонун көрдүк. Биз кечээ ЖККУ толук кандуу уюм болгондон кийинки биринчи жыйынын өткөрүп, анда уюмга мүчө мамлекеттердин кызыкчылыгын сактоо жана коопсуздугун коргоо боюнча бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алдык. Ал чечимдерди аткарууда абадагы күчтөрдүн маанилүү орду бар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов Борбор Азиянын коопсуздугун сактоо боюнча бардык ишеним ЖККУга, анын алкагында Кантта ачылган авиабазага жүктөлүп жатканын билдирди:

- Аймактагы коопсуздукту, биздин мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишенимди биз ЖККУга артып жатабыз. Биз Жамааттык тез аракетке келүүчү күчтөрдүн авиабөлүгү Кыргызстанда жайгашып жатканына олуттуу маани беребиз.

Быйыл 23-октябрда Кантта болгон Орусиянын президенти Владимир Путин авиабазасынын ачылышын өз убагында жасалган кадам экенин жана ал уюмга жаңы күч, жаңы дем бере турганын айткан болчу.

В.Путин:
- Борбор Азиядагы бүгүнкү аскердик-саясий абал негизинен туруктуу, бирок ошол эле убакта тыштан кол салуучу террордун коркунучуна да көз жумуп коюуга болбойт. Ушундай шартта Кантта авиабазаны ачуу өз убагында жасалган зарыл иш-чара.Бул иш-чара ЖККУнун алдында турган улуттук жана жамааттык милдеттерди майнаптуу аткарууга көмөктөшөт.

20-ноябрда Орусиянын Канттагы авиабазасынын башчысы Андрей Самоцветке Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа уюмдун туусун тапшырып жатып, Владимир Путиндин бул сөзүн дагы бир ирет эске салып өттү:

- Орусиянын Жогорку аскер башчысы авиабазаны ачып жатып, «Орусиянын аскер-аба базасы Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун кызыкчылыгы үчүн кызмат кылат» деген эле. Мен бүгүн базанын башчысына уюмдун туусун улуттук жана жамааттык коопсуздукту коргоодогу биздин ынтымактын жана чечкиндүүлүктүн символу катары тапшырмакчымын.

Андрей Самоцвет Кант авиабазы совет бийлигинин тушунда эле Фрунзедеги авиация окуу жайынын аба майданы катары 54 мамлекеттин учкучтарын даярдоого кызмат кылганын белгиледи. Анын айтымында 1992-жылы Жамааттык коопсуздук келишими жөнүндө документке кол коюлуп, кийин ЖККУ уюм катары түзүлгөндөн тартып Кант жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи:

Андрей Самоцвет:
- Мындай иш-чаралардын жолго коюлганы жакшы болду. Ошондон тартып мамлекеттер бири-бири менен кайра жакындашып, Жамааттык тез аракетке келүүчү күчтөрдүн Борбор Азиядагы авиабөлүгү түзүү тууралуу чечимге келишти. Биз чогуу иштегенди сагынып калыптырбыз. Мурдагы советтик республикалардын аскердик күчтөрүнүн өкүлдөрү – тажиктер, армяндар, казактар, кыргыздар авиабазада кызмат кылууга келишти.

Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери 20-ноябрда Кант аба майданы менен таанышкандан кийин өз ишин жыйынтыкташты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG