Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

ИСЛАМ ААЛЫМЫ ТАРЫК РАМАДАН (САЯСЫЙ БЕЙНЕ)


Парижде чыгуучу “International Herald Tribune” гезитинин акыркы сандарынын биринде таанымал улама Тарык Рамадандын саясый бейнесине арналган макала чыкты. Швецарияда мисирлик мигранттын үй-бүлөсүндө төрөлгөн Рамадан кийинки кезде Францияда катуу сынга кабылууда. Улама өзү да француз ойчулдары Бернард-Генри Левини, Андре Глюкманнды жана Бернард Кушнерди Саддам Хусейндин режимин кулатууну колдогондору үчүн сынаган эле.

“International Herald Tribune” гезитинин жазышынча, Европа өлкөлөрүндө жашаган мусулман лидерлеринин ичинен эч ким профессор Тарык Рамадандай көп кырдуу жана “көп жүздүү” эмес. Көпчүлүк эксперттерге улама жаңычыл жана байистүү исламды ташбыйкаттаган илимпоз катары белгилүү.

Тарык Рамаданды Париждин четинде жашаган мусулмандар руханий көсөмү катары көрүшөт. Аалым, гезиттин ырасташынча, жума намазда сүйлөгөндө жана аудиокассетага жазылган сөздөрүндө мусулмандарды Батыш коомуна “бомбадай” тийүүгө, ошол эле кезде заманга ылайык жана мыйзамды бузбай жашоого үндөйт.
Айрым француз интеллектуалдары Тарыкты коркунучтуу демагог, сөзүнө “уусу катылган” антисемит деп санашат.

Профессор Рамадан аны антисемит деген жемени “бул менин атак-даңкымды көрө албаган адамдардын ич күйдүлүктөн уюштурган иши” деп түшүндүрөт.

“Францияда ишенбөөчүлүк өтө эле күчтүү. Британияда, Данияда мени прогрессивдүү жана реформачыл деп билишет. АКШда да көптөгөн студенттерим жана жолдоочуларым бар”, - дейт дүйнөнүн көптөгөн университеттеринде исламдан сабак окуган жана “Батыш мусулмандары жана исламдын келечеги” деген китеби Оксфорд университетинин басмасынан чыкканы турган аалым.

“International Herald Tribune” жазгандай, дин мамлекеттен бир кылымдай илгери ырасмий бөлүнгөн Франция коомчулугу үчүн Тарык Рамaдан эң сонун бута.
Илимпоздун чоң атасы Хасан ал-Банна 1928-жылы “Мисирдин мусулман агайындары” кыймылын түптөгөн. Азыр Мисирде тыйуу салынган бул кыймыл адеп негизделгенде Батыш оторчулугуна каршы жана мусулманчылыкты сактоо үчүн күрөшкөн.

Өткөн кылымдын 50-жылдары ал-Баннанын үй-бүлөсүн Мисирдин ошол кездеги лидери Гамел Абдел Насер өлкөдөн кууп чыгып, Тарыктын атасы Саид Рамадан туугандары менен чогуу Швейцариядан паанек табышат.
Тарыктын Женевада жашаган бир тууганы Гани “ала кылды аттаган” аял ташбараңга алып өлтүрүлүшүн жактаган “Le Monde” гезитиндеги макаласы үчүн өткөн жылы француз тилин окутуудан четтетилген.

Тарык Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүк имамдарынан айырмаланып, жамаатты башка диндеги адамдарга сабырдуу мамиле кылууга чакырат. Анткен менен, Европада жашаган 15 миллион мусулман өз динин жана атуулдук укугун коргоо үчүн алар биригиши зарыл деген көз карашта.

Француз ислам таануучусу Оливер Руанын сөзүнчө, профессор Тарык өтө татаал инсан. “Ал мусулман жамааты алдында өтө курч сүйлөйт да, башкалар менен андай сөзгө барбайт. Ал мусулмандар өзүнчө жарандык алышына жетишүүнү каалайт”.

Профессор Рамадан өткөн айда мусулмандардын интернет-сайтында айрым француз интеллектуалдарын алар жөөт болгону үчүн гана тигил же бул саясый маселеге аралашат деп сындаган. Ал эми израилдиктер менен палестиналыктардын акыркы кризисинен алдың “Франциянын жөөт интеллектуалдары улуттук же эл аралык окуяларды өз жамаатынын пайдасына ылайык изилдеп карашат”; алар “жөөттөрдүн же улутунун же Израилдин кызыкчылыгын” адилеттиктен жана теңчиликтен өйдө коюшат деп күнөөлөгөн. Ошондой эле өлкөнүн таанымал интеллектуалдары: Бернар Генри Левини, Андрэ Глюкманнды жана Бернар Кушнерди Саддам Хусейндин өкмөтүн кулатууну жактады деп сындаган.

Леви үстүбүздөгү айда “Le Monde” гезитине жарыяланган макалада Рамаданды “дүйнөнү расистчил көз менен караган адам” жана “бузук сүйлөгөн интеллектуалдардын чемпиону” деп атап, антисемит болбосо да, жөөттөргө каршы тексттерди жазат деп айыптады.

Франциянын мурдакы саламаттык министри Кушнер болсо профессор Рамаданды “тарыхый акыл тутуму жок коркунучтуу адам” деп атаса, франциялык таанымал үч социалист уламаны өз сөздөрү менен Республикага каршы “кылмыш жасады” деп айыпташты.

“Биз француз атуулдарын улутуна, тегине же алардын динине карай бөлбөйбүз. Тарык Рамадан жек көрүүчүлүккө жана расалык араздашууга үгүттөйт” деп жазышты алар “La Nouvel Observateur” жумалыгында.

Профессор Рамадан мындай айыптоону четке кагып, адамдарды дини боюнча бөлгөн айып иш дебейт. “Алар мени Францияда мусулман интеллектуалы деп аташат. Кимдир бирөөнү жөөт интеллектуалы деп айтуу мүмкүн эмес. Бул кемсинтүүбү? Жок, бул кош стандарт дегендик”, - дейт Тарык Рамадан.
XS
SM
MD
LG