Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:52

Мыйзам чыгаруу жыйыны мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын бирдиктүү долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө токтом кабыл алды


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны мамлекеттик тил тууралуу мыйзам долбоорлорун талкуулап бүттү. Талкуунун соңунда депутаттар президент тарабынан сунушталган мыйзам долбоорун негиз кылып, депутаттардын сунушун эске алуу менен 15-декабрга чейин бир мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тууралуу токтом кабыл алышты. Палатанын кароосуна Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асанов жана президенттик администрация тарабынан сунушталган мыйзам долбоорлору коюлган. Талкуу үч күнгө созулду. Талкуунун жүрүшүндө депутат Бектур Асанов өз мыйзам долбоорун алып салды. «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» азыркы мыйзам 1989-жылы кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG