Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Израил БУУнун резолюциясын аткарууга милдеттүү эмес


Бул тууралуу өкмөттүн билдирүүсүндө айтылат. Билдирүүгө ылайык, Израилдин өкмөтү Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши бир добуштан кабыл алган жаңы тынчтык планы боюнча резолюцияны эмес, анын аткарылыш таризи тууралуу Кошмо Штаттарынын пикирин гана кабылдайт.
Резолюция Израилди жана палестиндерди тынчтык планы боюнча өздөрүнө алган милдеттенмелерди аткарууга чакырат. Планда 2005-жылга чейин Палестина мамлекетин түзүү каралган.
Анын аралыгында, палестиндер Израилге каршы эл аралык санкция киргизүүгө чакырышты. Палестин бийликтери БУУнун соңку резолюциясын кабылдоодон баш тартканы үчүн Израилге карата ушундай чара колдонуу керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG