Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

ЧАКАН ЖАНА ОРТО БИЗНЕС АЧЫККА ЧЫГА ЭЛЕК


Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстандагы чакан жана орто бизнес өлкөнүн ички дүң продуктунун 42,5% өндүрөт. Бирок анын бюджетке кошкон салымы өтө эле аз. Өкмөт башчысы Николай Танаев чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн «көлөкөдөн чыккысы келбей жатышат» деп айыптап, Ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиядан аларды ачыкка алып чыгуу боюнча иш алып барууну талап кылууда.

Ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрайымы Камиля Кененбаеванын айтуусу боюнча, чакан жана орто бизнестин субьектилери быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 11 миңге көбөйүп, 139 миңге жеткен. Өлкөдө 2 млн. эмгекке жарамдуу адам болсо, анын 1/10 чакан жана орто бизнесте эмгектенет. Алар өндүргөн продукциянын көлөмү акыркы бир жылда 1% өсүп, чакан жана орто бизнес азыр өлкөнүн ички дүң продуктусунун 42,5% берет.

- Чакан жана орто бизнесте абдан жакшы динамикалуу өсүш болуп жатат. Ал өсүш, өзүңүздөр көрүп тургандай, бардык көрсөткүчтөр боюнча бар, - деди Ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрайымы Камиля Кененбаева бул маселе боюнча өткөрүлгөн өкмөттүк кеңешмеде. Бирок чакан жана орто бизнес өсүп баратканы менен, анын өлкөнүн бюджетине кошкон салымы көбөйбөй жатат.

- Чакан жана орто ишкерликтин негизги бөлүгү көлөкөдө. Муну түз эле айтып коелу. Ички дүң продуктунун 42,5% берип, бюджетке болгону 7% киреше кошконун башкача түшүндүрүүгө мүмкүн эмес, - дейт өкмөт башчысы Николай Танаев. «Кыргызстандын келечеги чакан жана орто бизнесте» деп эсептеген өкмөт акыркы жылдары анын өнүгүшүнө көп аракет кылып келет. Өлкөдө эл аралык финансы уюмдарынын көптөгөн кредиттик линиялары ачылган. Ишкерлерге бюджеттин эсебинен да кредит берилет. Үстөк пайыздын төмөндөшү менен аларга банктар да акча бере башташты. Азыр «кредит алгыла» деген кулактандыруулар гезит беттеринде жайнайт. Өкмөт алардын ишиндеги тоскоолдуктарды жоюу боюнча да көп иш жүргүзүп жатат. Камиля Кененбаеванын айтымында, мамлекеттик органдардын ишкерлердин ишине кийлишип текшерүүсү акыркы мезгилде кескин азайды. Бирок чакан жана орто бизнес өлкөнүн казынасын толтуруу ишинде өзүнө тиешелүү салымын кошпой жатат.

- Өкмөт мамлекеттик органдар койгон тоскоолдуктарды алып салуу боюнча бардык ишти жасап жатат. Бүгүн мамлекеттик органдар текшербей калышты. Текшерсе да, мурдагыдай көп эмес. Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү андан пайдаланып, «текшербегенден кийин салыкты да төлөбөш керек» деп түшүнүп алышты, - дейт Николай Танаев.

Ишкерлердин салыктан качуу маселеси көптөн бери эле айтылып келет. «Салык оор, ошондуктан алар көмүскө экономикага кирип кетип атышат» дегендер болгон. Акыркы жылдары өкмөт алардын салык жүгүн жеңилдетүү максатында патент системасын жана жөнөкөйлөтүлгөн салык төлөө тартибин киргизген болчу. Камиля Кененбаеванын айтымында, патент алуудан түшкөн акча 1 жылда 6 эсе көбөйгөн. Бирок чакан жана орто бизнестин төлөгөн жалпы салыгы көбөйгөн эмес. Премьер-министр «бул багытта эч иш алып барбай жатат» деп, Ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссияны айыптады.

XS
SM
MD
LG