БИШКЕК. «Вечерний Бишкек» гезитинин быйыл 18-ноябрда чыккан санында жарыяланган макалада Кыргызстандын авиакомпаниялары тууралуу жалган маалымат жазылган. Бүгүнкү басма сөз жыйынында «Кыргызстан аба жолдору» авиакомпаниясынын президенти Акылбек Жумабаев жана «Алтын Эйр» авиакомпаниясынын өкүлү Юсуп Маслямов ушундай билдирүү жасашты. «Вечерний Бишкек» гезитинин 18-ноябрдагы чыгарылышына Асел Оторбаева менен Юрий Кузьминдин «Өлөрман ыкма» («Смертельный трюк») аттуу макаласы жарыяланган. Анда Кыргызстандын тартип коргоо кызматкерлери Москва-Бишкек каттамындагы жүргүнчү ташыган учактан мыйзамсыз жол менен товар ташыгандарды колго түшүрүшкөнү, ал мыйзамсыз ишке авиакомпаниянын жетекчилигинин катышы бар экени жазылган.