Өлкөнүн коопсуздук кеңешиндеги жыйында ушундай бүтүм жасалды. Жанкечтилер 15-ноябрда жөөттөрдүн таатканасын, арадан беш күн өткөн соң Британиянын башкы консулдугу жана англиялык банктардын бири жайгашкан имараттарды жардырышкан эле, андан баары болуп 52 адамдын өмүрү кыйылды. Бул кыянаттарга катышы бар деген шек-шыбаа менен жети адам кармалды. Өлкөнүн коопсуздук кеңеши террорго каршы күрөштүн катаң чараларын белгиледи. АКШнын президенти Жорж Буш бул иште Түркияга жардам көрсөткөнгө убада берди.