Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы Исанов көчөсүнүн тургундарынын айрымдары 8-ноябрдан бери, кээ бирлери болсо 12-ноябрдан тартып электр энергиясыз отурушат. Айрыкча, мектептин абалы электрсиз кыйын акыбалга калаарын №5 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназиянын деректири Айгүл Жунусова маалымдады:
- Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебинде 8-ноябрдан тартып электр жарыгы жок, ага байланыштуу 12% жакын окуучулар ооруп, сабакка келишпейт. Мугалимдер да ооруп жатышат. Сабактар да өз деңгээлинде өтпөй жатат. Кеч кирип кеткенине байланыштуу түштөн кийин доскалар көрүнбөй калып, сабактар жакшы өтпөйт.
Исанов көчөсүнүн тургундары жергиликтүү «Чыгышэлектр тармактар станциясынын» айынан 12-ноябрдан тартып электр жарыгы жок отурат. Ал тууралуу Калыбай Асанов мындай пикирин айтты:
- Трансформатор күйүп калыптыр деп чыгарып кеткен. Ошол бойдон жок. Кайрылбаган жерибиз калбады. Алардын жетекчилиги менен телефон аркылуу такыр байланыша албай койдук. Он күндөн кийин электр энергиясы болот деп бүгүн айтты. Трансформатордун күйүп кетишине бул жердеги чыңалуунун жогору болуп жатканы себеп болуптур. Мектеп, нан жабуучулар, бала бакча, 11 үй бар экен. Трансформаторду адистер чыгарып алып карашса, анда аз эле май бар экен. Профилактика кылбаптыр канча жылдан бери. Жашоочулардын күнөөсү болсо эбак эле келет эле акча чогулткула, оңдойбуз деп» - деген пикирин айтты Калыбай Асанов.
Курманжан датка кичи районунда ошентип 600дөн ашык үй-бүлө электр жарыгысыз отурса, облустук оорукана аймагындагы Абай, Демократ, Ак алтын көчөлөрүндө андан да көп үй-бүлө электр энергиясыз азап чегип жатышат. Аталган көчөлөрдүн атынан өкүл болуп, кырктан ашык аялдар шаардын «Чыгыш райондук электр тармактар станциясынын» башчысына келишти. Алардын бири Минавар Мавлянова: - Биз Акалтын, Демократ көчөлөрүнөн келдик. Жыйырма күндөн бери электр жарыгы жок. - десе, аны Курулуш мантаждоо башкармалыгынын көп кабаттуу үйлөрүндө жашоочуларынын өкүлү Ырысбү Өмүрзакова: Бир трансформатордун линиясы бузулуп ушундай абалга келдик. Башчысына кирип «электр бергиле» деп сураналы деп келдик. Кичинекей жаш балдардын, ымыркайлардын жалаягын, кирин жууй албай калдык, - деди.
Шаардын «Чыгышэлектр тармактар станциясынын» башчысы Аскар Эшимбеков келгендерди кабыл албай зарыктырды. «Азаттык» радиосуна сүйлөп берүүдөн «тантып балээге калбайын» деп баш тартты. Милиция формасын кийген Марат аттуу жигитке «арызданып келгендерди кетир» деп буюрду эле, милиция кызматкери менен аялдардын ортосунда чыр чыгып кете жаздады. «Баарыбыз кирбей, өкүл катары 4 аял кирип чыгалы» деп, төрт аял начальниктин бөлмөсүнө кирсе Аскар Эшимбеков башка бөлмөгө качып кетти.
Бир топтон кийин Аскар Эшимбеков «Азаттыктын» кабарчысы кетсе гана кардарлар менен сүйлөшөм» деп айттырып жибериптир. Эң негизгиси эл менен сүйлөшсүн деп биз ага жол бошоттук.
Электр энергиясыз калган Ош шаарындагы Токтогул атындагы облустук китепканада да абал оор. Окурмандар бөлмөлөрүндө тамгага көз жетпейт. Саат 15те эле окурмандар ишин токтотууга аргасыз. Китепканада жайгашкан «Сорос-Кыргызстан» корунун Оштогу ресурстук борборунун жана Массалык маалымат каражаттары борборунун интернетке кошулган компьютерлери иштебей турат.