Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Түркияда Стамбулдагы теракттардын курмандыктарына арналган үнсүз демонстрациялар болуп өттү


Стамбул жана башка түрк шаарларында чогулган миңдеген адамдар соңку бир апта ичинде 50дөн ашуун адамдын өмүрүн алган теракттарды айыптап, терең өкүнүчүн билдирип үнсүз жүрүшкө чыгышты. Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган ал жардырууларды аткарган жанкечтилердин төртөө түрктөр болгонун ырастады. Ал теракттар үчүн жоопкерчиликти Ал-Каида уюму менен байланышы бар үч топ өзүнө алган. Түркиялык белгилүү "Хурриет" гезити жазгандай, бейшембиде Стамбулдагы Британиянын консулдугу жана британ банкына болгон кол салууларга байланыштуу 18 шектүү адам камакка алынды. Өткөн ишембиде Стамбулдагы эки синагога жардырылганда, 25 киши мерт болгон.

XS
SM
MD
LG