Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Стамбулдун ооруканасында Австралия атуулу курман болду


Бейшембидеги жанкечтилер уюштурган жардырууда оор жараат алган 58 жаштагы Австралиянын атуулу Стамбулдагы ооруканалардын биринде курман болду. Австралиянын Тышкы иштер министри Александр Даунердин билдиришинче, каза болгон айым Түркиядагы Британ консулдугунун техникалык кызматкери болгон. Стамбулдагы Британиянын консулдугун жана британ банкын бейшембидеги террорчулардын жардыруусунан 28 адам набыт болуп, жүздөгөн адамдар жараат алды. Ал жардырууга катыштыгы бар шектүү 18 адам кармалды, деп маалымдады Түркия бийлиги. Кечээ күнү Түркиянын бир нече шаарларында тероррчулукка каршы акцияга чыккан миңдеген адамдар үнсүз жүрүшкө чыгышты.

XS
SM
MD
LG