Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

КЫРГЫЗСТАНДА БҮГҮН АЙТ НАМАЗЫ ОКУЛАТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстандын бардык аймагында бүгүн айт намазы окулат. Ал эми бишкектик мусулмандар болсо эски «Алатоо» аянтына барып, намазга жыгылышат. Ага Кыргызстандагы чет өлкөлүк элчиликтердин жана жогорку бийлик органдарынын өкүлдөрү катышат.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы Жумановдун маалыматына караганда, бүгүн эртең мененки саат 8ден 8.30га чейин Кыргызстандын бүткүл аймагында айт намазы окулат. Бул күндүн мааниси тууралуу Муратаалы ажы буларды айтып берди:

- Бул күн ислам дининде «майрам, шаттуу күн» деп аталат. Анткени бул күнү Алла-Таала «кимде-ким Кудайга сыйынса, ал адамдын күнөөсүн кечем» деп убада кылган. Ошондой эле бул күнү көзү өтүп кеткен адамдарга Куран окуп, аларды эскериш керек.

Жумановдун айтымында, айт намазына чейин мусулмандар 1,6 кг. буудайдын орточо баасына жараша орозо-битир бериши керек. Орозо-битирдин өлчөмү Ош, Жалалабад, Баткен облустарында киши башына 10 сом, ал эми Талас, Ысыккөл, Нарын, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында анын өлчөмү 8 сомго туура келет. Чогултулган акча Кыргызстандагы бардык ислам окуу жайларынын студенттерине, атайын суранып келген жетим-жесир, колунда жок адамдарга берилет. Жумановдун маалыматына караганда, быйыл муфтияттын өзүнө эле 500 миң сом акча чогулган.
XS
SM
MD
LG