Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

ГРУЗИЯ САБАГЫ, ОРОЗО АЙТ МАЙРАМЫ, БИЙЛИК - ТАТТУУ, КАЛК ЧЫДАМЫ ЧЕКТҮҮ


Орозо айт майрамында чыккан кыргыз гезиттеринин дээрлик баарында Грузиядагы соңку окуяларга арбын орун берилди. Атуулдук уруштун кырдыбычагына жакын калган калкынын тагдырын ойлогон амалпараз Эдуард Шеварднадзенин сабагы ар кыл ой жоромолдорду жаратууда.

Капилет автокырсыктан каза тапкан кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновду эскерген макалалар «Кыргыз туусу» жана «Эркин тоо» гезиттеринде жарыяланды. «Тагдыр ушу экен, кан күйгөн согуштан аман-эсен келип, бу тилазар турмуштун бүткүл азап-тозогун өз колу, өз кадамы менен жеңип өтүп, ар дайым кишичиликтүү, ар дайым ак жүрөктүү мамиле-позициясы менен эл эсинде калган адамдын акка моюн сунганына кайрат жана таазим гана керек», - деп жазат Мундузбек Тентимишев.

«Грузиянын президенти Шеварднадзени кызматтан алып тынышты, - деп жазат шейшембидеги «Агым» гезитинде Түгөлбай Казаков. - Кезинде Гамсахурдияны жерге киргизе кууган, СССРдин кулашына активдүү катышкан, бир кездеги милиционер Эдуард мырзанын отставкасы да боор ооругудай болду».

Шайлоо жыйынтыгын кыргыз бийлиги деле өзү каалагандай бурмалап, дайыма утушка ээ болуп келатканы көнүмүш экендигине ушул эле гезитте Абдувахаб Мониев токтолгон. Грузиядагы окуяларга кыргызстандыктардын өзгөчө кызыгуусунун себебин автор мындай чечмелейт: «Грузиндер сыяктуу эле кыргыздар да «түшпөс хандыктан» жадай баштаган». А бирок анткен менен азыркы кыргыз коому, автордун пикиринде, саясий баёолуктан чыга элек. «Саясий маданияты жетик эл… божомол-дөдөмөл айтып, үмүт-тилек кылып, убара чекпейт. Тек аракет кылат».

Келээрки шайлоодо кыргыз бийлиги да «Грузиядагыдай мыйзамды одоно бузуп, шайлоо жыйынтыгын бурмаласа, Кыргызстанда кырдаал кескин курчушу мүмкүн, - дейт Өмүрбек Текебаев ушул эле басылмада. - Грузия окуясы КМШ өлкөлөрүнүн оппозициясына дем берип, алар мыйзам бузууга каршы күрөшсө болооруна, президентти тынчтык жолу менен бийликтен четтетүүгө болооруна ишенип калышты».

«Шеварднадзедей болуп көгөрүп туруп алса, албетте, бизде андан жаман болушу мүмкүн. Бирок алар менен биздин азыркыбызды салыштырып болбойт. Кудайга шүгүр, бизде анчалык эл аралык да чыңалуу жок», - дейт жазуучу Мар Байжиев ушул эле гезиттеги «Шеварднадзе илдети Кыргызстанда кайталанабы?» деген сурамжыга берген жообунда.

«Слово Кыргызстана» гезити Э.Шеварднадзенин «мен кызматтан кеткенге көнүп деле калгам. Эми деле мага жумуш толтура, баштан өткөндөрдү жазышым керек. Тирүү кезиңде жазып калбасаң, өмүрүңдүн текке кеткени» деген сөзүн келтирип, «Грузиядагы ыңкылапты «баркыт» деп сыпатташ туура эместигин» жазып чыкты. Гезиттин болжолунда, эми бийликти талашкан оппозициянын ич ара ынтымагы ыдырайт. «Утурумдук бийликке ээ болуп чыга келишкен Жвания менен Буржанадзенин «көчө баатыры» Саакашвилини көрөйүн деген көзү жок. Шеварднадзени кызматтан кетириш үчүн гана алар бир азга ымалага келишкен», деп белгилейт гезит.

«Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү - 1 млрд. 840 млн. доллар, - дейт парламент депутаты Муратбек Мукашев «Агым» гезитинде жарыяланган маегинде. – Аны биз үч тоголонсок да төлөй албайбыз. Мүмкүнчүлүк да, шарт да жок». Депутаттын айтымында, алынган акчанын 680 млн. доллары сомду кармап турууга жумшалган. Калган акчанын көбүнүн дайны жок.
XS
SM
MD
LG