Россиянын президенти Путин бүгүн Кишиневго боло турган сапарынан баш тартты.
Путин Молдова менен Днестр аймагынын ортосундагы талашты жөнгө салууга багытталган планга кол коюуга байкоо жүргүзөт деп болжолдонгон эле. Аталган долбоор Россия тарабынан даярдалган.
Молдованын президенти Владимир Воронин долбоордо каралган чаралар европалык структуралар, асыресе Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму тарабынан жактырыла электе, ага кол коюу эртелик кылаарын белгиледи.
ЕККУ кечээ жаңы планды колдобой турганын эскерткен эле.
Анын аралыгында, Кишиневдо чогулган демонстранттар Россиянын желегин өрттөп, Днестр боюндагы аймактан россиялык 2 миңдей аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылышты.