Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:17

Дүйнө мусулмандары Орозо айтты майрамдашууда


Бүгүн мусулман өлкөлөрүндө Орозо айт майрамы белгиленүүдө.
Муфтий Шейх Абдулазиз бин Абдулла ал-Шейх Меккеде сүйлөгөн сөзүндө 18 кишинин өмүрүн кыйган Эр-Риаддагы жардыруу исламдын бешиги саналган Сауд Арабиядагы ынтымакка кооп туудурганын айтты.
Мусулмандар алардын динине, коопсуздугуна жана стабилдилүүгүнө коркунуч туудуруп жаткандарга каршы биргелешүүгө тийиш деди муфтий.
Стамбулда болсо түрк премьери Режеп Таип Эрдоган орозо айтты жакында болгон жардырууларга байланыштуу ылайык келген ыкма менен белгилөөгө чакырды:

- Терең кайгыбызга карабай бул орозо айттын жакшы майрамдалышын кудай тааладан тилеймин. Кечээ кечинде да айттым эле, айт көңүлдөгүдөй майрамдалсын.

Ооган президенти Хамид Карзай майрамдык куттуктоосунда өлкө жакырчылыктан жана террорчулуктан жакын арада арылат деген үмүтүн билдирди.
АКШ президенти Жорж Буш болсо айтка байланыштуу жасалган билдирүүсүндө Жакынкы Чыгыш зомбулук менен терроризмден бошосун деген каалоо тилегин айтты.

XS
SM
MD
LG