Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

БҮГҮН ПРЕЗИДЕНТ А.АКАЕВДИН НОРВЕГИЯ МЕНЕН АКШга БИР АПТАЛЫК ИШ САПАРЫ БАШТАЛАТ


Бүгүн Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин Норвегияга расмий иш сапары башталат. Ал Норвегиянын королу Харальд V, өкмөт башчысы, коргоо министри жана эле ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушмакчы. 29-ноябрда Аскар Акаевдин иш сапары АКШда уланат. Кошмо Штаттарда президент А.Акаев Дүйнөлүк Банктын жетекчиси Жеймс Вулфенсон жана Монтана штатынын губернатору менен жолугушат.

Президент А.Акаевдин Норвегияга иш сапары негизинен экономикалык жана экологиялык максат-мүдөөнү көздөйт. Өнөр жайчылар, ишкерлер менен жолугушууда гидроэнергетика, телекоммуникация, туризм, тоо-кен, токой өнөр жайынын проблемалары тууралуу кеп болоору күтүлүүдө. Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин айтымында, иш сапарынын учурунда кызматташуу маселелери козголмокчу.

- Негизинен бир нече суроолор экология маселелерине арналмакчы, - дейт Абдил мырза. - Норвегия - экология, туруктуулук жагынан абдан өнүккөн өлкө. Жолугушууларда экология жана экономика жаатындагы кызматташтыктын орчундуу маселелери коюлмакчы.

Президент А.Акаев АКШда Дүйнөлүк Банктын жетекчиси, Монтана штатынын губернатору менен да жолугушат.

- Дүйнөлүк Банк менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык маселеси талкууланмакчы. Мындан тышкары, президент билим берүү тармагында иштеген абройлуу АКСЕЛС уюмунун президенти Девидсон мырза менен да жолугушмакчы, - дейт Абдил Сегизбаев. Ал жерде Кыргызстандын мамлекет башчысына Эл аралык изилдөөлөр ассоциациясынын «Алтын жылдыз» медалын тапшыруу салтанаты өтөт.

XS
SM
MD
LG