Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

ОРОЗО АЙТ - ЖАЛПЫ МУСУЛМАНДАРДЫН СҮЙҮКТҮҮ МАЙРАМЫ


Үстүбүздөгү аптада бүт дүйнөдөгү мусулман жамааттары орозо айт майрамын белгилөөдө. Орозо айт - өз ара элдешүүнүн, кечиримдин, бейпилдиктин жана аруулануунун майрамы. Айрым пост-советтик өлкөлөрдө ал бир эле күн майрамдалса, көпчүлүк мусулман өлкөлөрүнүн калайыгы үч күн бою шаан-шөкөткө, оюн-зоокко батышат.

Ооганстандагы ири улут – пуштундарга ушул күндөрү барып калсаңыз, сиз өзгөчө меймандостукка кабыласыз. Орозо айт күнү каалганы каккан кудайы конок үй ээсине бейпилдик жана орозо айт майрамы куттуу болушун каалайт. Үй ээси да ошол эле сөздөрдү кайталайт. Андан соң конок айт майрамында Алла-тааладан сураган бардык каалоо-ниеттериң жүзөгө ашсын, деп тилейт. Үй ээси да ошол сөздөрдү кайталап, андан соң конокту үйгө чакырат. Жакшы ниет менен келген конок үчүн эшик дайыма ачык болот эмеспи.

Рамазан айынын соңунда өткөрүлүүчү орозо айт майрамы, - арабча айтканда “Ыд ал-фитр”, - мусулмандардын өткөн чактагы араздашууну, түшүнбөөчүлүктү, капачылыкты унутуп, өз ара элдешүүсүнүн кезеңи. Бул жагынан алганда, ал ашынган динчилер, такыба уламалар гана эмес, динди үстүрт кармангандар үчүн да ынтызар менен күтөөр майрам.

Айтмакчы, быйыл Ливия менен Иракта суннийлердин бир даары бул майрамды дүйшөмбүдөн тартып белгилөөдө. Кыргызстан сыяктуу борбор азиялык мусулмандар орозо айтты шейшембиде белгилешти. Айрым мусулман жамааттары бул майрамды шаршембиде өткөрсө, анча-мынча жамааттар – айтты бейшембиде баштоодо.

Атеисттик режимден бошонгон пост-советтик өлкөлөрдө орозо айт бир эле күн белгиленсе, көпчүлүк мусулман өлкөлөрдө ал үч күнгө созулат. Майрамды мынчалык узак өткөрүүнүн кажети барбы деген суроого “Азаттыктын” ооган кызматынын өкүлү Абдул Маликзаде мындайча жообун узатат:

- Менин өлкөм Ооганстанда бул майрам үч күн бою майрамдалат. Анын себептеринин бири – сиз бир күндүн ичинде бардык урук-тууган, дос-тамыр, коңшу-колоңдоруңузду кыдырып, орозо айты менен куттуктап үлгүрө албайсыз да.

Маликзаде мырза “баргандын келмеги бар” дегендей, коноктон кол бошобой жүрө бербей, белек-бечкек камдап, өзүң да үйүңө жакындарыңды чакырып, конок тосууң керектигин эскертет.

Чынында да, Кыргызстанда деле орозо айт расмий түрдө бир күн белгиленген менен, иш жүзүндө анын жөрөлгөлөрү эки-үч күнгө созулуп кетээрин жергиликтүү мусулмандар айтып жүрүшөт.

Кээ бир бай мусулман өлкөлөрдө дүкөндөр соода-сатыгын орозо айтка туштап дурустап уюштуруп алууга тырышат. Айт майрамы менен куттукташ үчүн белек-бечкек издеген миллиондогон кардарларды дүкөн ээлери жөн эле койо бермек беле.

Такыба мусулман аалымдар аларды сынга алып, акча кууган мындай өнөкөт шариятка каршы деп келишет. Арийне, базар экономикасынын талабы бул сыяктуу эскертүүлөрдү этибарга албай турганы да түшүнүктүү.

Орозо айт, эң башкысы, балдардын шаттануусу, аруу күлкүсү, ырлары менен коштолгон, чоңдорду да кубанычка бөлөгөн майрамдардын бири. Майрамды майрам кылган – балдардын шаттуу маанайы эмеспи.
XS
SM
MD
LG