Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргызстанга 90 млн. доллар бөлмөк болду


БИШКЕК. Азия Өнүктүрүү Банкы кийинки 3 жылда Кыргызстанга 90 млн. доллар насыя бөлмөк болду. Мындай чечим кечээ банктын директорлор кеңешинин Манилада өткөн жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн Азия Өнүктүрүү Банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Гүлайым Көлбаева билдирди. Анын маалыматына караганда, насыя негизинен экономикалык өсүштү камсыз кылууга, жакырчылыкты азайтууга багытталмакчы. Бул үчүн айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча 6 кредиттик долбоор ишке киргизилет. Азия Банкынын насыясына кошумча иретинде 6,5 млн. доллар өлчөмүндө гранттык жардам да көрсөтүлөт. Кыргызстандын тышкы карызынын көптүгүнө байланыштуу Азия Өнүктүрүү Банкы мурдагы жылдарга салыштырмалуу насыянын көлөмүн эки эсе азайтууда.

XS
SM
MD
LG