Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

УКУК КОРГООЧУЛАР Ф.КУЛОВДУН БОШТОНДУГУН ТАЛАП КЫЛЫШАТ


Бүгүн Кыргызстандагы «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму менен Демократияны өнүктүрүү фонду Феликс Куловдун бошотулушун талап кылган пикет өткөрүшөт.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилованын айтымында, эртең мененки саат 9.30да Өкмөт Үйүнүн алдында боло турган пикетке укук коргоочулар, студенттер, журналисттер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышат. Алар муну менен Феликс Куловду бошотуу маселесине президенттин, коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын көңүлүн бурууну максат кылып жатышат. Алар «эгер Кулов эркиндикке чыгарылса, эл аралык коомчулук алдында Кыргызстандын аброю артат» деген ойдо. Ушундан улам пикет өткөрүү демилгесин бир катар укук коргоочу уюмдар колдоп жатышат. Алардын бири Турсунбек Акун мындай дейт:

- Бул өзгөчө акция. Мен колдойм. Укук коргоочулар Феликс Куловду бошотуш үчүн ар түрдүү аракеттерди кылганыбыз жакшы нерсе.

Ал эми Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Токон Шайлиева пикет уюштурууга укук коргоочулар эч кандай уруксат сурашпаганын мындайча белгиледи:

- Райондо аны эч ким билбейт. Уруксат сураган эч кандай кагаз келген жок. Биринчи жолу угуп жатам. Бүт баарын мыйзамдын негизинде жасаш керек. Пикеттен эч пайда жок. Азыр кат жазып, кайрылуу жасоого ар кимдин толук укугу бар. Пикетке чыкканда кыйкырык-өкүрүк болот, андан эч ким пайда таппайт.

XS
SM
MD
LG