БИШКЕК. Кытайдын Коргоо министрлиги Кыргызстандын Коргоо министрлигине эмдиги жылы жалпы суммасы 8 млн. юандык аскердик-техникалык жардам берет. Мындай келишимге Кыргызстандын Коргоо министри Эсен Топоев 18-ноябрдан 25-ноябрга чейин Кытайда иш сапары менен болгон учурда кол коюлду. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кытай быйыл Кыргызстанга жалпы суммасы 14 млн. юань өлчөмүндө кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам берген.