БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны талаш-тартыш жаратып жаткан «Кыргыз өкмөтү жөнүндөгү» мыйзамдын жана Шайлоо кодексинин долбоорлорун жыл этегине чейин талкуулап, кабыл алышы керек. Төрага Абдыганы Эркебаев Консультативдик кеңештин бүгүн өткөн экинчи отурумунда ушундай билдирүү жасады. Консультативдик кеңеш бул күнү Шайлоо кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун талкуулады. Талаштуу жоболор боюнча кеңеш мүчөлөрүнүн сунуштарынын тизмесин төрага келерки аптада палатага сунуштай турган болду. Негизги талаштуу жоболордун катарында 30-берене бар. Ал Кыргызстандагы чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын шайлоо учурундагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу.
Шайлоо кодексинин жаңы редакциясы жөнүндө президенттин жана депутаттык топтун демилгеси менен 2 долбоор иштелип чыккан болчу. Тараптар долбоорлорду бириктирүүнү макулдашкан. Бирок талаштуу жоболор боюнча алар бир пикирге келише элек.