Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

БУУнун баш катчысы адамзат СПИДге каршы күрөштө утулуп баратканын белгиледи


Кофи Аннан бир катар мамлекеттерде СПИД "кеңири кыруучу куралга" айланып баратканына жана ага каршы күрөштө адамзат туруштук бере албай жатканына көңүл бурду. "Би-Би-Си" корпорациясына берген интервьюсунда Аннан дүйнө лидерлерин "кылым чумасына" каршы күрөштү күчөтүүгө үндөдү. Ушул аптада жарыяланган отчетунда Улуттар уюму СПИДге чалдыккандар дүйнөдө быйыл кескин көбөйүп, 5 млн го жакын адам коркунучтуу ооруну жаңыдан жуктурса, 3 млн дон ашуун киши анын айынан көз жумганы баяндалган. Жалпы иликтөөлөр көргөзгөндөй, дүйнө жүзүндө азыр СПИД вирусун жуктурган адамдардын саны 40 млн го чукулдап барды. Отчетто соңку кездери бул оору кеңири жайылып бараткан өлкөлөр катары Орусия, Украина, Эстония жана Латвия да аталган.

XS
SM
MD
LG