Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Израил Кофи Аннандын сынын четке какты


ИУРЕСАЛИМ. Израил Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын сын пикирлерин четке какты. Тышкы иштер министрлиги палестин автономиясы террордук топторго каршы таасирдүү чара көрө албаган соң, чек арага дубал куруудан башка арга Израилде жок калганын айтат. Кечээги билдирүүсүндө Аннан Палестин жана жөөт аймактарын бөлгөн дубал палестин калкынын күнүмдүк жашоосун чектеп, мектептер менен ооруканаларга элдин каттоосун кыйындатканын айтты. Израилдин андай аракеттери Жол Картасы тынчтык планынын аткарылышына бөгөт болууда деп кошумчалады Аннан. Анын аралыгында, палестин лидери Ясыр Арафат Батыш өлкөлөрүн региондогу тынчтык процессин жандантууга үндөдү. Дүйшөмбүдө Женевада Жакынкы Чыгыш боюнча альтернативдик планга кол койулат. Аны Израилдин оппозициячыл саясатчылары менен белгилүү палестин ишмерлери иштеп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG