Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:05

ЭТИЯТ БОЛ: СПИД!!!


1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү. Бул күнү СПИДге каршы күрөшүүчүлөр коомчулуктун көңүлүн коркунучтуу дартка буруу максатында түрдүү иш чараларды өткөрүшөт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөсү боюнча, үстүбүздөгү жылы ВИЧ илдетине 5 миллион ашык адам чалдыккан жана алардын саны 40 миллионго жетти. Быйыл СПИД 3 миллионго чукул адамдын өмүрүн алат.

Адистердин айтышынча, азырынча СПИД жуккан адамга эм болуп, аны өлүмдөн сактап калчу дары табыла элек. 20 кылымдын жан алгысы аталган бкул коркунучтуу илдет негизинен жыныстык катнаш аркылуу жана маң заттарын ийне сайып колдонуудан жугат.

Бириккен Улуттар Уюму өткөн жумада жарыялаган изилдөөгө караганда, СПИД илдетин алып келчү ВИЧ вирусу быйыл 5 миллиондон ашык адамга жуккан жана ВИЧ/СПИДке чалдыккан адамдардын саны 40 миллионго жетти. Анын кесепетинен үстүбүздөгү жылы 3 миллион адам көз жумат же күн сайын 8 миң адам бир кезде “тобокел” ишке барганы үчүн өмүрү менен кош айтышат.

Дүйнө өлкөлөрүн каптап бараткан коркунучтуу апаатка каршы ишемби күнү Түштүк Африканын Кейптаун шаарында 40 миң адам катышкан концерт өттү.
Соопчулук кечесин Британиянын “Квин” рок-группасы жана Анастасия “We will rock you” деген ырды аткарып ачышты.

“Квиндин” мүчөсү, атактуу Фред Меркурий СПИДден өлгөн.

Концертке Beyonce Knowles, Peter Gabriel, Bono, Youssou N'Dour сыяктуу таанымал ырчылар, Eurythmics группасы катышты. Мурда Cat Stevens деген ысым менен белгилүү Yusuf Islam акыркы 30 жылда биринчи ирет сахнага чыгып, “Жапайы дүйнө” деген ырды аткарды.

СПИДге каршы күрөшкө ташбыйкаттаган концерт “46664” деп аталды. Түштүк Африканын мурдакы президенти, Нельсон Мандела расалык бөлүп-жарууга каршы күрөшкөнү үчүн абакта ушул номер менен отурган. Боно карыя укук коргоочуну көрүүчүлөргө: ”Эркиндикти сүйгөн дүйнөдөгү ар адамдын президенти Нельсон Мандела!” деп тааныштырды.

Манделла уруш - согуштан, ачарчылыктан, табигый кырсык жана суу ташкындардан адамдар СПИДден өлгөндөй көп өлүшпөйт турганына көңүл бөлдү:

- Бул өнөктүктүн максаты - бардык согуштарга, ачкачылыктарга жана суу ташкындарга караганда көп өмүрдү кыйчу коркунучка каршы күрөшкө жардамдашуу.

Мандела СПИДден коргоо - адам укугун коргоо деп санайт:

- СПИД апаат болбой калды. Бул - адам укугуна тийиштүү маселеге айланды!

СПИД илдетинин өнүгүүсүн басаңдатчу дарылар жана аны эмдөө өтө кымбат. Азыр андай дарылоо үчүн бир адамга жылына азы 450 доллар керек.

Кейптаундагы концертте Петер Габриел Африка үчүн СПИД канчалык чоң проблема экенине токтолду:

- Африкада миллиондогон балдардын ата-энеси СПИДден набыт болгон. Африкада СПИДден өмүрү кыйылган адамдардын саны дүйнөлүк эки согушта өлгөн адамдардын санынан көп.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 1-декабрдан тартып СПИДге каршы күрөшүүнүн жаңы программасын баштайт. Бул планга ылайык, 2005-жылга чейин дүйнөнүн өтө жарды өлкөлөрүнүн кыштак жерининде жашаган 3 миллион адам СПИДге каршы күрөшүүнүн жөнөкөй жолдоруна үйрөтүлөт. Ал үчүн келерки 2 жылда 5,5 миллиард доллар сарпталат. Андан тышкары, адистердин эсеби боюнча, өнүгүп бараткан өлкөлөрдө СПИДге каршы күрөшүү үчүн жылына 10 миллиард доллар зарыл.

БУУнун башкатчысы Кофи Аннан СПИДге каршы күрөшүүнү азыр өзүнүн башкы вазийпасы деп билет. Ал өткөн жумада берген интервьюда мамлекет башчылар жетерлик маани беришпегендиктен, СПИДди жеңүү мүмкүн эмес деди. СПИДди жеңүү үчүн, Аннандын айтышынча, лидерлердин “саясый эрки керек”.
Улуттар Уюмунун маалымдашынча, СПИД азыр Кытайда, Индонезияда, Россияда, Украинада жана башка өлкөлөрдө ылдам жайылууда.

XS
SM
MD
LG