БИШКЕК. «Кыргызгаз» акционердик коомунун башчысы Автандил Сыдыков баш болгон делегация ушул күндөрү Ташкенде иш сапары менен жүрөт. Алар «Узтрансгаз» менен келерки жылга газ сатып алуу боюнча келишимге кол коюуну максат кылышууда. Бул тууралуу 2-декабрда «Кыргызгаздын» башчысынын орун басары Кубанычбек Жусупов билдирди. Анын айтымында, өзбек тарап газ үчүн акыны нак акча менен төлөөнү талап кылууда. «Бизде болсо андай мүмкүнчүлүк жок», - дейт Жусупов. Учурда «Кыргызгаздын» «Узтрансгазга» карызы 10 млн. 600 миң доллар.