Жыйындын өтүшү көрсөткөндөй, адам сатуу көйгөйүнө мамиле ар бир мамлекетте ар башка. Алсак, Түркмөнстандын бийлиги адам сатуу көйгөйүнүн түркмөн элине эч тиешеси жок дегендей саясат жүргүзүп келатат.
- Түркмөнстан өкмөтү адам сатууну улуттук көйгөй катары тааныбай жатат. Ошондон улам, учурда бул маселе менен иштеген мамлекеттик мекеме да жок. Бул маселени жөнгө салуучу укуктук негиздер да иштеле элек, - дейт Миграция боюнча эл аралык уюмдун Түркмөстандагы өкүлү Батый Сатуев.
Кыргызстанда болсо абал такыр башка. Август айында Жогорку Кеңеш Кылмыш кодексине адам сатуучуларды катуу жазага тарта турган тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизди. Ички иштер министрлигинин Кылмышты иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Мырзабек Исмаиловдун айтымында, антип мыйзам бир жагынан катуулап жатканы менен, бир жагынан атуулдарды чет өлкөгө ишке орноштурууга уруксат берүү эрежеси быйыл алынып салынды. Исмаилов «эми «чет өлкөгө ишке орноштурам» деп кыз-келиндерди азгыргандарга кенен жол ачылды» дейт.
- Жумуш издеп чет өлкөгө барып, анан кулга айланып калышканын аялдар кеч билип калышууда, - деди Мырзабек Исмаилов.
Миграция боюнча эл аралык уюмдун демилгеси менен өтүп жаткан жыйындын катышуучулары мамлекеттер адам сатуу кылмышына биргелешип күрөшүшү керек, ал үчүн өкмөттөр аралык келишимдерге кол коюлушу зарыл дешти.