Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Өзбекстан газ тууралуу келишимге кол коё элек


БИШКЕК. «Кыргызгаз» акционердик коомунун башчысы Автандил Сыдыковдун 1-2-декабрда Ташкенге жасаган сапары учурунда «Узтрансгаз» менен 2004-жылга газ боюнча макулдашууга кол коюлган жок. «Өзбекстан «Кыргызгаз» сунуштаган шарттар менен таанышууну улантууда», деп кабарлады шаршемби күнү «Кыргызгаздын» басма сөз кызматы. Тараптар бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү Автандил Сыдыков Ташкенге кийинки жолу барган сапарында улантмакчы. Белгилүү болгондой, Ташкен газ үчүн акыны нак акча түрүндө төлөөнү талап кылууда. Ал эми Кыргызстан өзбек газынын акысынын 55% валюта менен, 45% товар түрүндө төлөөнү каалап жатат.

XS
SM
MD
LG