Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Электр энергиясы үчүн 168 млн. сомдук карыз кайтарылды


БИШКЕК. Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги электр энергиясы үчүн карыздардын 168 млн. сомун мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу шаршемби күнү «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Экономикалык кылмышка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Сергей Баженов билдирди. Анын айтымында, «Кылмыш кодексинде» коррупцияга байланыштуу атайын берене болгонуна карабай, тартип коргоо органдары ушул күнгө чейин бул беренеге таянып, бир да кылмыш ишин козгой элек. «Бул - коррупцияны аныктоонун татаалдыгына байланыштуу болуп жатат», деди Сергей Баженов. Бирок кызматтык кылмыштарга байланыштуу быйыл 163 кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG