Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Тоо-кен тармагы боюнча адистер өз академиясын түзүштү

БИШКЕК. Кыргызстанда тоо-кен өнөр жай тармагы боюнча инженерлердин, окумуштуу адистердин башын кошкон Тоо-кен академиясы түзүлдү. Мындай маалымат бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеевден алынды. Анын айтымында, Тоо-кен академиясын түзүүгө тармактагы күч алган көйгөйлөр жана байлыктарды иштетүүнүн деңгээлинин начарлап кеткендиги түрткү болду. Ушундан улам адистер кен байлыктарын натыйжалуу иштетүү жана ишканаларды жандандыруу боюнча өз сунуш-пикирлерин өкмөткө жана тиешелүү мекемелерге билдирип туруу чечимине келишти. Академиянын мүчөлөрү алгачкы жыйынга январь айында чогулуп, көмүр кендериндеги абалды талкуулашат.
XS
SM
MD
LG