- Азыркы учурда биздин кызмат тарабынан ачылган кылмыштардын зыяны 150 млн. сомду түзөт. Алардын 70 млн. сому өндүрүлдү, - дейт Сергей Баженов. Кылмыш бардык тармакта жасалат. Электр энергетикасын уурдоо, грант, кредиттерди жымыруу, тендер боюнча сатып алуу, ошондой эле, мамлекеттик мүлктү ири өлчөмдө уурдоо кылмыштары арбын.
Кийинки учурда күйүүчү-майлоочу майларды, буудайды чегарадан мыйзамсыз ташып өтүү фактылары да көп катталган.
- Мындан тышкары, ушул жылдын июль айында президенттин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү тууралуу атайын жарлыгы чыккан. Мындан тышкары, быйыл коррупцияга каршы күрөш боюнча мыйзам кабыл алынды. Коррупцияга каршы күрөш убактылуу өнөктүк эмес, бул бизде алыска багытталган иш-чара. Жакын арада коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү боюнча кардиналдуу иштер жасалат,- деди Сергей Баженов.
Коррупцияга каршы күрөшүү, Сергей Баженовдун айтымында, дагы бир проблеманы ачыкка чыгарды.
- Биз дайыма коррупция тууралуу айтып келебиз, - деп сөзүн улады Сергей Баженов. - Анан ага байланыштуу мынча кишинүн үстүнөн баланча кылмыш иши ачылды, момундай иштерди жасадык дейбиз. Анан ага карап бизди оголе коррупциялашкан өлкө деп жүрүшөт. Биз коррупцияга каршы күрөшүп жатканыбызды жарыя айткандан коркпойбуз. Бир мисал айта кетейин. Мен мурда Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгында иштечүмүн. Баңгизатты канчалык көп колго түшүрсөк, бизде баңгилер көп деген пикир ошончолук арбын айтылчу. Коррупционер менен паракорлорду колго аз түшүрсөк, анда бизди анчалык коррупцияланбаган өлкө деп аташмак.
С.Баженовдун айтымында, кызмат абалынан кыянат пайдаланууну жана паракорлукту далилдеп берүү өтө кыйын иш. Быйылкы жылы эле 163 адам пара алып жаткан жеринен кармалган. Контрабанда боюнча 11 кылмыш иши ачылган. Мамлекеттик кызматтын кадырын түшүргөн паракорлукка каршы колдонулчу жаза өтөле жумшак:
- Биз паракорду кармайбыз. Иш тергөөгө өтөт, тергелет. Андан соң кылмыш иши сотко жиберилет. Сот болсо пара алган адамдарга көбүнесе шарттуу жаза чектейт.
Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн сөзү боюнча, Кылмыш-жаза кодексиндеги коррупция жөнүндө 303-берене боюнча бир да кылмыш иши ачылган эмес. Анткени, кайсы бир кызмат адамын же жоон топ жетекчилерди коррупция менен күнөөлөп, анны далилдеп берүү өтө кыйын.
Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкулов паракорлук менен күрөшүү актуалдуу бойдон калууда деген пикирде.
- 163 адамды пара алып жаткан жеринен кармап, жоопко тартып атабыз. Айрым адамдар, мамлекеттик кызматтагы адамдар өздөрү үчүн бирдеме таап алыш, чөнтөгүнө бирдеме түшүрүш амалында жасаган аракеттери мамлекеттик кызматчы деген өзүнүн атын эле булгабай эле, ошол иштеп жаткан мамлекеттин атына да көлөкө түшүрөрү бышык, - дейт Жолдошбек Бусурманкулов.
Кыргызстандын жетекчилиги коррупциянын тизгинин тартууга Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңеши жардамга келет деген үмүттө.