Ушул максатта бүгүн Киевде чогула турган делегацияларды Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Александр Моцик жана анын орусиялык кесиптеши Виктор Калюжный жетектешет. Чатак – Орусия Кара жана Азов деңиздеринин ортосундагы Керч кысыгында тосмо дубал орното баштаганда күч алган.