Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Босниялык сербдердин аскер башчысы 20 жылга эркинен ажыратылды


ГААГА. Босниялык сербдердин аскер башчысы Станислав Галич согуш кылмыштары үчүн 20 жылга эркинен ажыратылды. Гаагадагы согуш трибуналынын соттору мурдагы генерал "адам баласына каршы кылмыш кылган" деген бүтүмгө келди. Галичтин командачылыгындагы аскерлер, кеминде, 4 жыл бою Сараевону камалап турушкан. Генерал көчөдөгү шаардыктарга ок атууну буйуруп, элдин жүрөк үшүн алган. Адам укуктары боюнча Хельсинки комитетинин айтымында, камоол учурунда 12 миң киши өлгөн, алардын бир жарым миңи - балдар болгон.

XS
SM
MD
LG