Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Карабуура районундагы Аманбаев атындагы айылга газ берүү токтотулат


ТАЛАС. Бул маалыматты «Азаттык» радиосуна Талас газ ишканасынын башчысы Чоро Сурапов билдирди. Анын айтымында, аталган айылдын жашоочулары газ үчүн карыздарын төлөбөй жатышат. Ошол себептен «Кыргызгаздын» жетекчилиги кечээ айылга газ берүүнү токтотуу тууралуу чечимге келген. Чоро Сураповдун маалыматы боюнча, Аманбаев айылынын газга карызы төрт жыл мурда 3,5 млн. сомдон ашып, анын 2 млн. 200 миң сомун өкмөт кечип жиберген болчу. Ал эми калган 1,5 млн. сом карызды айыл эли быйыл төлөп берүүгө убада берген. Бирок бир айдын ичинде айылдагы 550 кардардын 150сү гана 300 миң сом карызды төлөшкөн.

XS
SM
MD
LG