Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

ДЕПУТАТТАР МУГАЛИМДЕРДИН ЖАНА ДАРЫГЕРЛЕРДИН АЙЛЫГЫН КӨТӨРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Сапар Орозбаков, Бишкек Ушул күндөрү өтүп жаткан Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын сессияында депутаттар мугалимдердин жана дарыгерлердин маянасын көтөрүү маселесин катуу коюп жатышат.

Эл өкүлдөр жыйынын сессиясында азыр 2004-жылдын бюджети талкууланып жатат. Депутаттар эки маселени катуу коюп жатышат. Биринчиси – айыл-чарба продукцияларына кошулган наркка салык тууралуу маселе. Экинчиси болсо – мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгын көтөрүү. Бул маселени депутаттар сессиянын биринчи этабында эле коюшкан болчу. Анда алар мугалимдердин, дарыгерлердин эмгек акысын 50% көтөрүү тууралуу өкмөткө сунуш киргизишкен. Өкмөт болсо бюджетти кайра эсептеп чыгып, анда алардын айлыгын 2 жолу - апрель жана октябрь айларында 15% көтөрүүнү белгилеген. Азыр депутаттар айлыкты 30% көтөрүүгө макул болуп, бирок аны эки бөлүп отурбай эле, бир эле жолу жүргүзүүнү талап кылып жатышат.

- Ушунчалык резерв болуп туруп, эмне үчүн мугалимдердин айлыгын көтөрүүнү 1-апрелден баштай албайбыз? Болот Эралханович, эгерде муну чечпесеңер бул бюджет өтпөй калышы мүмкүн, - деди депутат Тойгонбай Калматов.

Мындай суроо бюджет боюнча доклад жасаган Каржы министри Болот Абилдаевге бир нече жолу берилди. Ал буга 2 түрдүү жооп берүүдө. Бюджет алгач комитетте каралып жатканда министр «буга Эл аралык валюта кору макул болбой жатат» деген.

- Эл аралык валюта корунун өкүлү «16-январда аткаруу комитетинин отуруму болот» деди. «Ал жердеги кредиторлор "эмне үчүн бул кедей мамлекет мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгын кескин көтөрүп жатат” деп муну түшүнбөйт» деди. Ал жерде биздин куратор катары Тапио Саавалайнен чыгып сүйлөйт. Ал “мен антип айтсам түшүнүшпөйт” деп жатат, – деген эле Болот Абилдаев бюджет комитетте талкууланган учурда.

Сессияда болсо министр жообун бир аз өзгөртүп, «бул үчүн акча жок» деди:

- Биз деле айлык көбөйсүн деп жатабыз. Бирок шарт ушундай. Азыр колдоп алып, эртең башка абал болуп калышы мүмкүн. Көбөйгөн айлыкты эмес, бүгүнкү алып аткан айлыгын да алалбай калышы ыктымал.

Бирок депутаттар айлыкты көтөрүүгө булактар жетиштүү экенин айтып жатышат.

- Мен кошумча булакты сизге айтып берейин, Болот Эралханович, - деди депутат Жуман Акулиев. - Республикада жер бөлүштүрүү фонду бар. Бүгүнкү күнү анда 332 миң гектар жер бар. 277 миң гектары айдоо жер. Анын 190 миң гектары арендага берилген. Калган 87 миң гектардан эч нерсе түшпөйт.Эгерде ошол 87 миң гектардан ар биринен 327 сомдон акча чогулта турган болсок, 286 млн. сом болот. Ушуга окшогон булактар бизде толтура.

Бирок Мыйзам чыгаруу жыйынынын бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Марат Султанов финансы министрлигинин айлыкты дароо көтөрбөй жатышынын себеби акчанын жетишпегендигине байланыштуу болсо керек деп болжолдойт.

- Мүмкүнчүлүк болсо, - деди Марат Султанов. - 1-апрелден баштап көтөрүш керек. Бул жерге Эл аралык валюта корунун эч тиешеси жок. Абилдаев чет өлкөлүк карыздар жөнүндө айтып жатышы мүмкүн. Аларды биз азыр реструктуризациялап жатпайбызбы. Айрым кредиторлор «силер карызыңарды төлөбөйсүңөр да, айлыгыңарды көбөйтөсүңөр” деши мүмкүн. Бирок ага деле жооп бар. Социалдык сферада иштегендердин укугу жөнүндө хартия кабыл алынган. Анда мугалимдердин жана дарыгерлердин кирешелери мамлекеттик стандарттан жок дегенде 2 эсе жогору болсун деген жобо бар. Эгерде Эл аралык валюта кору “айлыкты көтөрбөгүлө” десе, “өзүңөр ушундай хартия кабыл аласыңар да, биз көтөрөлү десек болбойсуңар” деcе болот. Менин оюмча финансылык мүмкүнчүлүк болбой жатса керек. Өкмөт жөн эле аларга шылтап жатышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG