Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

БУУнун баш катчысы Кофи Аннан баштаган дүйнө лидерлери Орусиядагы жардырууну айыпташты


Кечээ Орусиянын түштүгүндө жардырылган поездде набыт болгон адамдардын саны 40тан ашты. 150гө жакын киши жарадар болду, алардын 22синин акыбалы оор. Бул тууралуу билдирген Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Николай Патрушев алгачкы иликтөөлөргө таянып, темир жолдогу бомба жардыруусун үч аял жана бир эркек киши жүзөгө ашырганын маалымдады. «Азырынча биз «бул жардырууга тиешеси бар эки аял поездде келатып, жарылууга аз калганда вагондон секирип түшүп калган, баарына баш-көз болгон үчүнчү аял жарадар болуп, азыр аман калаар-калбасы белгисиз абалда жатат, дагы бир денеси бычырап бөлүнгөн эркектин бутунун жанынан граната табылды, ал жанкечти болушу мүмкүн» деп айта алабыз», - деди Орусиянын коопсуздук кызматынын жетекчиси. Президент В.Путин «жардыруу – жекшемби күнкү парламенттик шайлоонун алдында Орусиядагы стабилдүүлүктү бузгусу келген күчтөрдүн аракети» деп белгиледи. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан баштаган дүйнө лидерлери Орусиядагы жардырууну айыптап, жабыр тарткандарга көңүл айтып жатышат. Чеченстандын мурдагы президенти Аслан Масхадовдун өкүлдөрү бул кандуу окуяга катышы жок экенин жарыялашты.

XS
SM
MD
LG