1958-жылы Кыргыз республикасынын радиоберүүлөр боюнча комитети радиоберүүлөр жана телекөрсөтүүлөр боюнча мамлекеттик комитет деп кайра уюшулган. Ошол эле жылдын декабрь айынан тарта Бишкекте сыналгы студиясы иштей баштаган. 1991-жылдын февраль айында президент Аскар Акаевдин жардыгына ылайык Мамлекеттик телерадиокомитет мамлекеттик телерадиокомпания болуп кайрадан түзүлүп, 1998-жылы мамлекеттик телерадиокорпорация, ал эми президенттин 2002-жылдын сентябрь айындагы жардыгы менен улуттук телерадиокорпорация деп атала баштаган. Соңку жылдары УТРКнын материалдык-техникалык базасы жакшырып, көрөрмандарга жаңы программалар сунуштала баштады.
Учурда өлкөнүн дээрлик бардык облустарында мамлекеттик жана жеке телерадиокомпаниялар иштөөдө. Бирок, бүгүнкү күндө алардын ишине тоскоолдук кылган негизги себеп – каржылык каатчылык болуп эсептелет. Бул жөнүндө Жалалабат облусундагы жеке телекампаниялардын бири - «Манас жаңырыгы» сыналгы компаниясынын жетекчисинин орун басары Союзбек Абдрасулов мындай дейт:
- Биз эң алды менен долбоорлорго таянып иштегенбиз. Күн сайын жаңылыктарды кыргыз жана орус тилдеринде берип келгенбиз. Азыр болсо, андай мүмкүнчүлүгүбүз жок. Анткени акча каражаты жетишсиз.
Ал эми Таластагы мамлекеттик телерадиокомпаниянын телекөрсөтүү боюнча режиссеру Насикат Мырзакулова каржылык тартыштык маселеси боюнча төмөнкү пикири менен бөлүштү:
- Биз азыр облус боюнча жумасына 1,5 саат берүүлөрүбүздү обого чыгарабыз. Ал эми өлкө аймагы боюнча эки аптада бир жолу жарым сааттан чыгабыз. Убакытыбыздын мындай тардыгы акча каражатынын жетишсиздигине байланыштуу болуп жатат. Эгерде каражат жетиштүү болсо, көрсөтүүлөрүбүздүн убактысын көбөйткөнгө аракет кылат элек.