БАТКЕН. Жыйынга үч республиканын коңшулаш Баткен, Согди жана Фергана облустарындагы отуздан ашуун бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Анда чектеш аймактардагы бейөкмөт уюмдарды бири-бири менен тааныштыруу жана ортодогу байланышты чыңдоо максаты коюлду. Талкуу учурунда кошуна үч облустагы бейөкмөт уюмдардын ортосунда жакшы байланыштын жоктугу жана маалыматтын аздыгы баса белгиленди. Мындан ары чегарадан өткөрүү бекеттеринде адам укуктарын бузуудан, жер-суу талаштарынан чыгуучу чыр-чатактардын алдын алуу жана башка көйгөйлүү маселелер боюнча биргелешип иштөө зарылдыгы белгиленди. Жыйын соңунда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү иш багытына жараша шериктешип иштеп, бирдиктүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга макулдашты.
Баткенде коңшу үч мамлекеттин бейөкмөт уюмдары «Биздин күчүбүз биримдикте» аттуу жыйын өткөрүштү