Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Кыргызстан билим берүү боюнча Болонья процессине кошулууга ынтызар


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын жогорку билим берүүсүн Болонья процессине интеграциялоого арналган эл аралык конференция өттү. Ага Австрия, Германия жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ичинен Болонья процессине 2002-жылы Эл аралык университет кошулган. Башка окуу жайларды кошуу үчүн азыр билим берүү министрлигинин алдында атайын комиссия иштеп жатат. Аталган процесске өтүү үчүн жогорку окуу жайлар эки баскычтан турган жогорку билим берүүгө, студеттердин өз алдынча иштөөсү үчүн кредит-сааттарды көбүрөөк бөлүүгө жана студенттердин илимий-изилдөө иштерге көп катышуусуна өбөлгө түзүүгө милдеттүү. Окуу жайлар бул талаптарга жооп берип, Болонья процессине кошулса, анда бүтүрүүчүлөрдүн дипломдорун процесске кирген бардык окуу жайлар тааныйт. Болонья процесси 1988-жылы Университеттердин улуу хартиясына кол коюу менен түзүлгөн жана азыр ага дүйнөдө 700дөн ашуун университет мүчө.

XS
SM
MD
LG