Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

АКШ ИРАК СОГУШУНУН ОППОНЕНТТЕРИНИН ТЕНДЕРЛЕРГЕ КАТЫШУУСУНА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗДИ


Жаңыл Жусубжан, Прага шаары Ушул күндөрү Америка Кошмо Штаттары Ирак согушуна каршы чыккан өлкөлөрдү дээрлик 19 миллард доллардык нарктагы кайра куруу долбоорлорунан четтеткени маалым болду. Вашингтондун чечимин Канаданын өкмөтү "күтүлбөгөн окуя" деп баалады.

АКШнын Коргонуу катчысынын орун басары Пол Уолфовиц кол койгон көрсөтмөдө 18,6 миллиард доллардык 26 келишим үчүн ат салыша турган тараптар Америка Кошмо Штаттары, Ирак, алардын коалициялык шериктери жана Иракка аскер жиберген башка өлкөлөр менен гана чектелет. АКШнын Франция, Германия жана Канада сыяктуу ынтымакташтары АКШнын Саддам Хусейндин режимин кулаткан согушуна каршы чыгышкан. Ошондуктан документ бул өлкөлөрдүн ишканаларынын тендерге катышуусуна тыйуу салат.

Өткөн жума күндүн датасы коюлган Уолфовицтин көрсөтмөсү ушул шейшембиде Пентагондун интернет баракчасына жайгаштырылды. Анда тендердин катышуучуларын чектөө "Кошмо Штаттарынын түпнегиз коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл" деп айтылат. Согуш башталгандан бери эле Ирак боюнча АКШга каршы чыккан өлкөлөр Вашингтондун карамагындагы кайра куруу келишимдеринен четтетилээрин президент Жорж Буштун администрациясы ачык да, кыйытып да айтып келген. Волфовицтин көрсөтмөсү бүткүл кайра куруу иштерин, Ирактын улуттук армиясын машыктыруу жана жабдуу жана инфраструктураны кайра калыбына келтирүү иштерин камтыйт. Волфовиц жаңы чектөөлөр башка өлкөлөрдү Ирактагы коалицияга кирүүгө кызыктырат деп жазды. Ошол эле убакта Пентагондун маалымат катчысы Жо Йосва четте калган өлкөлөрдүн компаниялары Иракта төмөнкү баскычтагы долбоорлорго катыша алаарын бышыктады.

Канаданын вице-премьер-министри Жонн Манли Пентагондун соңку билдирүүсүнө айран таң калганын жашырган жок. "Бизге мындан ары Иракты кайра курууга акча бериш кыйын болуп калды", - деп билдирди Манли. Канада бул максатка 190 миллион доллар бөлгөн. "Иракты кайра курууга канадалык салык төлөөчүлөрдөн каражат алып, бирок канадалыктарды канадалык болгону үчүн гана четке түртүп салгандары кандай?" - деп суроо салды Манли.

Анын аралыгында, АКШ тараптан Ирактагы абал көзөмөлгө алынды деген мазмундагы ишаарат болду. Башкы штабдын төрагасы Ричард Майерс АКШ армиясынын Иракта турган 10 дивизиясынын төртөө келээрки жылдын башында үйүнө эс алууга кайтаарын жарыялады. "Америка Кошмо Штаттары Иракта жеңип жатканы айдан ачык болуп калды", - деди Майерс. Ал эми Вашингтондо Кеннеди филармониясында Ирактын Улуттук симфониялык оркестри концерт берди.

Концертти ачып жатып, АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл мындай деди:

- Бул мыкты оркестр Ирак элинин бейпил жашоого кайтып жатышынын, алардын бүткүл адамзаттын жандуу маданий мурасы болгон дүйнөлүк музыка менен байланышынын жышааны.

Ошол эле убакта америкалык расмий өкүлдөр Иракта коалициялык күчтөргө каршы чабуулдардын соңку кезде азайып калышы убактылуу көрүнүш болушу мүмкүн экендигин эскертишүүдө. Коргонуу катчысы Дональд Рамсфелд Ирактагы америкалык аскерлерге каршы чабуулдар кийин деле улантыла берээрин боолголооду. Шейшемби күнү Пентагондо өткөн брифингде ал анти-коалициялык топторго каршы күрөш улантыла берээрин бул сөздөрү менен бышыктады:

- Биз согушуп жатабыз. Ошондуктан "бутага алып өлтүрүү" деген түшүнүктү колдонгон туура эмес. Бейкүнөө ирактыктарды жана коалициялык күчтөрдү өлтүрүүгө аракеттенгендер - багынгысы келбеген террористтер, биз аларды токтотушубуз керек. Биз аларды колго түшүрүп, же өздөрү багынып беришин каалар элек, болбосо биз аларды өлтүрүп жок кыла беребиз.

Майерс менен Рамсфелд билдирүү жасаган күнү Иракта эки америкалык базанын алдында жанкечтилер бомба жардырышып, 60ка чукул жоокерди жарадар кылышты. Көбү жеңил жараат алышты. Америкалык базалардын бетон тосмо менен курчалып, мыкты кайтарылганы адамдык чыгымдарды алдын алууга мүмкүндүк берди. Ал эми Майерс АКШ аскерлери мындай чабуулдардын көбүн алдын-ала билип, аларды болтурбай коюп жатышат деп ырастап, "эл аралык коалиция акыр-аягында жеңип чыгат" деди.

XS
SM
MD
LG