Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

АЙТМАТОВДУН 75 ЖЫЛДЫГЫ, АЛЫКУЛДУН ПОЭЗИЯСЫ, КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАСЫ


Кыргыз басылмаларында көркөм сөз чеберлеринин катар келген мааракелери тууралуу макалалар арбын жарыяланды. Көркөм адабияттын проблемалары менен катар сөз эркиндиги, эларалык басмакананын айланасындагы кеп-сөздөр да мезгилдүү басылмалардын негизги темасына айланды.

Бул аптадагы басылмалардагы негизги тема Чыңгыз Айтматовдун 75 жашка толушу болду. Жазуучунун чыгармаларын экрандаштыруу тууралуу бейшембидеги «МСН» гезити кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшеванын макаласын жарыялады. Макала «Баарысы “Айтматовфильмден” башталган» деп аталат.

«Слово Кыргызстана» гезити «МСН» басылмасын сындап, ага аркыл саясий жарлыктарды тагып келатканына Людмила Жолмухамедова да ушул эле гезитте токтолгон. Журналист Вячеслав Тимирбаев Кыргызстанда чиновниктердин санын кыскартуу демилгеси башкаруу аппаратынын опсуз чоңоюшуна алып келатканын «Аппарат жана аппаратчылар» деген макаласында талдоого алган. Замир Өсөровдун көз карандысыз басмакананын ачылышы менен эркин гезиттердин проблемасы биротоло чечилбегендигин баяндаган макаласы да жарыяланган.

Алыкул Осмоновдун поэзиясы мезгилдин сыноосуна туруштук берип келатканы, акындын чыгармачылыгынын улам жаңы кырлары ачылып жатканы тууралуу «Вечерний Бишкек» гезитине Памирбек Казыбаев жазып чыкты. Бишкектеги акындын тамында «Алыкул үйү» борбору ачылган.

Ушул эле гезитте Президент А.Акаевдин Женевадагы маалымат коому боюнча эларалык жыйында сөз сүйлөп, эмдиги жылы Кыргызстанда Жапан маалымат борбору ачыларын билдиргенин Ольга Безбородова жазды.

Кыргызстандын ички дүң продуктысы 4,1%дан өйдө өсө албастыгын, өкмөттөн демилге чыкпай, эларалык донорлорго үмүтүн артып, кайдыгер отуруп калганын бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде Болот Марипов менен Жеңиш Байгуттиев жазышты. Басылмада маданиятты колдобой туруп, өлкөнүн бутуна турушу мүмкүн эместигин ырастаган Т. Сатылганов атындагы филармониянын жетекчиси Керим Тураповдун маеги жарыяланган.

Эми жума күнү сатыкка түшчү гезиттерде кандай материалдар даярдалып жатканын басылма кызматкерлеринен уксак.

«Агым» гезитинин жооптуу катчысы Төлөгөн Карыкеев:

- Бензин маселеси тууралуу Жолдошбек Зарлыкбековдун көлөмдүү макаласы басууга даярдалууда. Эднан Карабаев тууралуу макала жарыяланууда. Парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты К. Иманалиевдин тил тууралуу маегине да гезиттин жаңы санында орун берилмекчи. Төкмө акындар Элмирбек менен Жеңишбектин айтышы жарыяланууда.

«Кыргыз руху» гезитинин башкы редакторунун орунбасары Калил Жамгырчиев:

-«Рентон Групптун» артында ким турат, мамлекеттик инстанциялардын кимиси ага колдоо көрсөткөнүн баяндаган материал бар. Ошондой эле, Орусияда соода-сатык кылып жүргөн кыргыздардын көргөн күнү, алардын азап-тозогу жөнүндө кабарчыбыз Жедигеровдун макаласы басылууда. Депутат А. Карпасовдун айланасындагы чуулуу окуяны чагылдырган материал да даярдалып жатат.

«Аалам» гезитинин башкы редакторунун орунбасары Кенжебек Арыкбаев:

- Гезитибиздин жаңы саны 16 бет менен чыгып жатат. Анда Мелис Эшимканов менен Турсунбек Акундун соттошуусу тууралуу материал бар. Чолпонбек Абыке уулунун «Соттор комедиясы» деген макаласы жарыяланууда. Ошондой эле, жакында Орусияда өткөн парламенттик шайлоо боюнча «В.Путиндин “чөнтөк” парламенти» деген макала басылмакчы. Өзүбүздүн парламент талкуулап жаткан Шайлоо кодекси тууралуу аркыл пикирлерге да орун берилди.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG