Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57

КАЙТАРМА КАРЖЫЛОО КОРРУПЦИЯНЫН БУЛАГЫ


Сапар Орозбаков, Бишкек Бюджеттин 15% кайтарма каржылоо жолу менен ишке ашырылат. Ушу күндөрү сессия өткөрүп жаткан Эл өкүлдөр жыйынын депутаттары кайтарма каржылоо коррупцияга жол берерин жана аны жок кылуу керек экенин айтышты.

Мурда өз ара эсептешүү деген болор эле. Анын маңызы, жөнөкөй тил менен айтканда, кимдин салык боюнча бюджетке карызы болуп, аны накталай акча менен төлөй албаса, бирок ал кардардын бюджеттен аласасы болсо, Каржы министрлиги салык төлөмөрдүн товарынын эсебинен бюджетке акча түштү жана берилди кылып коет. Товарга оңой менен кардар чыкпагандыктан, бул схемага бир нече субьектилер катышып, операция ортомчу аркылуу жүргүзүлчү. Албетте, ал ортомчу өз ишин бекер аткарбайт. Акча адатта баанын айырмасынан чыгат.

- Базарда күйүүчү май 12 сом болсо, 16 сомдон алып жатабыз. Шифер 160 сом болсо, 180 сомдон алып жатабыз, - дейт депутат Эсенбек Назаралиев.

Мындан 5 жыл мурда Эл өкүлдөр жыйыны өз ара эсептешүүгө тыюу салып койгон болчу. Бирок Каржы министрлиги анын ордуна кайтарма каржылоо деген нерсени ойлоп тапты.

- Мурда өз ара эсептешүү деп аталчу. Азыр кайтарма каржылоо деп жатабыз. Эки адамдын шапкесин алмаштырып, Эшмат Ташмат болуп калды дегендей эле нерсе, - дейт депутат Жуман Акулиев.

Өз ара эсептешүү финансы министрлигинин алдында түзүлгөн комиссия аркылуу чечилсе, кайтарма каржылоо банк аркылуу өтөт. Ал азыр коррупциянын булагына айланганын айтышууда. Депутат Муратбек Мукашев аны таптакыр жок кылуу зарыл экенин айтып, бул тууралуу 2004-жылдын бюджети жөнүндө мыйзамга жазып коюуну сунуш кылды. Аны депутаттар Жаныш Рустенбеков, Сооронбай Жээнбеков, Жуман Аккулиев жана башкалар колдоп чыгышты.

- Бул жерде көп адамдардын жана мекемелердин кызыкчылыгы бар. Ошол үчүн муну токтотуш керек дегендерге кошулам, - деди вице-спикер Сооронбай Жээбеков. Ал өз ара эсептешүү деп атып, энергетика сызга отургандыгын эскертти. Жаныш Рүстөнбеков кайтарма каржылоого уруксат берип, коррупцияга депутаттар да кошумча болуп жатканын белгиледи:

- Өлкөдөгү бул тартипсиздикти биз өзүбүз бекитип беребиз да, анан чиновниктерди коррупцияга кирип кетти деп айыптайбыз.

Бирок башка депутаттар, мисалы, Каныбек Иманалиев, Шамшыбек Медетбеков, Кыдыкбек Исаев кайтарма каржылоо турмуштун зарылдыгынан келип чыкканын айтып, аны акырындап жоюуга чакырышты.

- Биз аны өзүбүз эле мыйзамдаштырып жатпайбызбы. Эсиңиздердеби, салык ордуна тамеки алгыла дебедик беле. Буудайды змне албай жатасыңар деп күнөөлөгөнбүз. Эми 10 миң тонна төө буурчакты айтып жатабыз, - деди Кыдыкбек Исаев.

Кызуу талаш-тартыштан кийин, бул маселе колго салынганда, бир аз артыкчылык менен кайтарма каржылоого уруксат берилсин деген өкмөттүн сунушу өтүп кетти.

XS
SM
MD
LG