Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

АКЫЙКАТЧЫ ИНСТИТУТУНУН ТҮЗҮЛГӨНҮНӨ БИР ЖЫЛ ТОЛДУ


13-декабрда Кыргызстандын Акыйкатчысы ырасмий түрдө ант берип, ишке киришкенине бир жыл толот. Турсунбай Бакир уулу бул окуяга карата бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, бир жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарат.

Кыргызстандын Акыйкатчысы ырасмий түрдө ишке киришкен күндөн бери ага өлкөнүн атуулдарынан 8000ден ашуун арыз түштү. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, бул - адам укугун коргоонун деңгээли өлкөдө начар экендигин айгинелейт:

- Эгерде бизде адам укуктары сакталып жаткан болсо, сегиз жарым миң адам арыз менен кайрылбайт эле. Башка өлкөлөрдө бир жылда төрт-беш миң эле адам акыйкатчыга кайрылат экен.

Турсунбай Бакир уулунун айтымында, арыздардын көбүн сот органдарына жана аткаруу бийлигине нааразылык билдирген даттануулар түзөт:

- Бизге түшкөн арыз-даттанууларды иликтеп көрсөк, биринчи орунду сот органдарына карата нааразылык билдирген арыздар ээледи. Андан кийин укук коргоо органдарын, аткаруу бийлигин тартипке чакырган арыздар көп. Бул эмнени көрсөтөт? Бул - эң ириде аткаминерлерди, мамлекеттик кызматкерлерди тартипке чакыруу зарылдыгын айгинелейт.

Акыйкатчы бул көрүнүштөрдү жөнгө салуу үчүн бир катар сунуштарды президентке, өкмөт башчысына жолдоду. Турсунбай Бакир уулунун айтымында, эми аларды ишке ашыруу өлкө жетекчисинин колунда.

XS
SM
MD
LG