Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

ОРУСИЯ КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ ОРУС БАСМА СӨЗ БЕТТЕРИНДЕ КЫЗУУ ТАЛКУУ ЖАРАТТЫ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Өтүп бараткан жума ичинде орусиялык гезит-журналдарда талкууга алынган негизги темалар жума башында Москвада болгон жардыруу, президенттик шайлоо өнөктүктүгүнүн расмий түрдө башталышы жана Орусия Баш мыйзамынын күнү туурасындагы макалалардан турду.

Москванын борборунда орун алган «Националь» мейманканасынын маңдайында эки жанкечти аялдын жардыргыч затты ишке келтирип, өздөрү менен кошо алты адамдын өмүрүн алып кетишкендиги орус маалымат мейкиндигинде бир аз унутула баштаган террор сөзүн кайрадан козгогондой туюлду. Басма сөз беттеринде айрымдар бул жолку теракт «биринчи чечен согушунун» тогуз жылдыгына арналгандыгын айтышса ( «Известия» ), дагы бирөөлөр аны мамлекетте өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары менен байланыштырышты ( «Коммерсант» ).

Мамдуманын төртүнчү чакырылышына шайлоо өткөрүлгөн соң, орус эли келээрки жылдын жазында өз президентин тандай тургандыгы тууралуу жаңы жарыя айтылып, ага байланыштуу өнөктүк расмий түрдө башталды.

Ошол эле убакта артта калган парламенттик шайлоого чейин Орусия Конституциясынын кемчиликтери тууралуу, анда президенттин ролу өтө эле жогору коюлгандыгы, прокуратура укуктары жана милдеттери түшүнүксүз берилгендиги, андан калса, Орусия өлкөнүн президенттик тибинен парламенттик тибине өтүүсү керектиги тууралуу жандуу талкуу жүргөн. Мамдумага болгон шайлоодон кийин эле салтанаттуу майрамдалган Конституция күнү бул суроолордун кайрадан жаралышына түрткү болду. Мамлекет башчысы Владимир Путин бул тууралуу өз оюн төмөңкүчө билдирди.

- Конституция кубаттуулугун жогото элек. Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү темасынан саясий упай топтоп калууга аракет кылгандар бул тууралуу билип коюулары зарыл. Биздин милдет – Конституцияга этият мамиле жасоо экендигинде. Өлкөбүздү, анын тарыхын жана жетишкендиктерин урматтагандай эле, Конституцияны да урматтаңыздар!

Ошентип, 12-декабрда - Орусиянын Баш мыйзамынын күнүндө Владимир Путин бул тууралуу суроонун талкууга алынышы мүмкүн эместигин белгиледи.

Президенттин позициясын колдогон «Московские новости» жумалык басылмасы Конституциялык соттун төрагасы Валерий Зорькиндин макаласын басты. Анда Зорькин Орусиянын он жылдык тарыхты баштан кечирген Конституциясы өлкөнүн чон саясий-экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөрүнө туруштук бергенин, Баш мыйзам кабыл алынган 1993-жылы Орусия революцияны баштан кечирип, мамлекет президенттик күчтүү системага муктаж болгондугу тууралуу кеп кылат. Ал эми «Время новостей» гезити жазгандай, «Борис Ельциндин күчүн сактап калуу максаты менен тез кабыл алынган Конституция азыркы президент Владимир Путинди да кубаттуураак көрсөткөндөй».

Орусиялык гезит-журналдарда ушул тапка дейре парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жана анын келечеги туурасында айтылып келген сөз басаңдай элек. Бул, бир чети, алдыдагы президенттик шайлоого өнөктүктүн башталгандыгы менен да түшүндүрүлөт.

«Новая газетада» шайлоо жыйынтыктарын өз алдынча жүргүзгөн Коммунисттик партияга, саясий аналитиктердин ой-пикирлерине өзгөчө орун берилди. Ошол эле учурда ишин жыйынтыктаган буга чейинки чакырыктагы Думанын жетишкендиктери тууралуу да байма-бай айтылып жатат. «Коммерсант» «үчүнчү чакырылышындагы Думаны постсоветтик Орусия тарыхында аткаруу бийлигине толук баш ийген биринчи парламент» катары баалады.

Расмий бийлик жетишкен Мамдумадагы Конституциялык көпчүлүк анын өзүнө алдыдагы президенттик шайлоодо негизги атаандаш катарында чыгуусу мүмкүн деген өндүү ойлор «Московские новости» гезити тарабынан келтирилди. Ал эми «Независимая газета» президенттикке талапкер катарында көрсөлүшү мүмкүн деп айтылып жаткан Владимир Жириновский, Дмитрий Рогозин жана Григорий Явлинский Кремль тарабынан берилүүчү сунуштарга олуттуу каршылык көрсөтүүлөрү ыктымал деп божомолдойт.
XS
SM
MD
LG