Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук бөлүмү Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Кыргызстандын элине кайрылуу жолдошту


ОШ. Аскар Акаевдин кийинки мөөнөткө калууга мыйзам тарабынан да, моралдык жактан да укугу жок. Мындай маанидеги кайрылууну «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук бөлүмү 13-декабрда өткөн кезексиз чогулушунда кабыл алды. Аталган бөлүмдүн төрагасы Керим Макиевдин айтымында, бул кайрылуу Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары 12-декабрь күнү «Аскар Акаев кийинки мөөнөткө баралат» деп кабыл алган чечимине жооп катары кабыл алынды. Мындан мурда республиканын Ишкерлер ассоциациясы жана «Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын» Ош облустук бөлүмү «Аскар Акаев 2010-жылга чейин мамлекетти башкарып берсин» деген сунуш менен чыгышкан. ««Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук бөлүмү 13-декабрда кабыл алган чечими буларга да каршы айтылган жооп болуп эсептелет», - деп билдирди Керим Макиев.

XS
SM
MD
LG